Япония императорунун небереси ханбийке титулунан ажырайт

Ханбийке Мако император Акихитонун тун небереси Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Ханбийке Мако император Акихитонун тун небереси.

Япониянын император сарайынан кабарлашкандай, император Акихитонун тун небереси Мако Акисинону жакында турмушка узатышат. Ал императордун уулу Аксинонун тун кызы.

25 жаштагы ханбийкенин болочоктогу жолдошу өзү менен жашташ, юридикалык фирмалардын биринде кызматкер. Алар мындан беш жыл мурун Токиодогу Эл аралык христиан университетинде окуп жүрүп таанышкан.

Болочоктогу күйөө баланын теги ак сөөк тукумунан болбогондуктан, никеге тууру тууралуу арыз берери менен ханбийке Мако титулунан ажырап, император бүлөөсүнөн кетет. Ага кадимки эле жарандык укуктар берилмекчи.

Ханбийкенин турмушка чыга турганы жана титулунан ажырап калары боюнча кабарлар япон коомчулугунда кызуу талкууга алынууда. Макодон сырткары императордун бүлөөсүндө турмушка чыга элек дагы алты ханбийке бар.

Император бүлөөсүндөгү жаш муундагылардын ичинен бир гана эркек бала бар. Ал - принц Хисахито, ханбийке Маконун бир тууган иниси.

Япон коомчулугунда эгерде ханбийкелер жөнөкөй бүлөөгө турмушка чыгып, титулун таштап кете берсе, император бүлөөсү өзүнүн коомдук милдеттерин аткара албай калат деген чочулоо айтылып жатат.

Япон өкмөтүнүн эксперттик тобу император бүлөөсүн чоң боюнча сактап кала турган чараларды көрүү зарылдыгы тууралуу билдирди. Тагыраагы ханбийкелер турмушка чыгып кеткенден кийин, аларга император бүлөөсүнүн өзүнчө бутагын түзүүгө уруксат берүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Ханбийке Мако ата-энеси менен.

Ханбийке Мако менен Кея Комуронун баш кошуусу бир канча каада-салттар менен өтөт. Салт боюнча алды менен күйөө тарап белектерин алып, император сарайына келиши керек. Ошондон кийин гана үйлөнүү үлпөтүнүн күнү жарыяланат. Жөрөлгөлөрдүн соңунда гана никеге туруу салтанаты болот.

Япониянын император сарайынын мыйзамдары боюнча эгерде император бүлөөсүндөгү кыздар ак сөөк эмес, теги жөнөкөй тукумдагы кишиге турмушка чыгып жатса, ал титулунан ажыратылып, мамлекет тарабынан бир жолу төлөнчү жөлөкпул берилет. Анын суммасын премьер-министрдин катышуусу менен мамлекеттик кеңеш аныктайт.

2005-жылы император Акихито менен ханыша Митиконун жалгыз кызы Саяко Курода жөнөкөй дизайнерге турмушка чыкканда, ага 150 млн иен (1,3 млн доллар) жөлөкпул беришкен.

2014-жылы императордун аталаш тууганы мурдагы ханбийке Норико Сенге дагы жөнөкөй бүлөөнун уулуна турмушка чыкканда, ага 100 млн иен (870 миң доллар) жөлөкпул беришкен. (AbA)

Тектеш темалар