Орусия жакынкы он жылда мигранттарсыз жашай албайт

Оор жумуштарда көбүнчө мигранттардын басымдуулук кылганы жашыруун деле эмес Сүрөттүн автордук укугу ria novosti
Image caption Оор жумуштарда көбүнчө мигранттардын басымдуулук кылганы жашыруун деле эмес

Орусия жакынкы он жылда мигранттарсыз жашай албайт деген иликтөөлөр жарыяланды. Анда айтылгандай, бул жакка иштегени келген он адамдын жетөөсү Кыргызстан, Тажикстан же Өзбекстан сыяктуу борборазиялык мигранттар. Бул өлкөгө агылган жаш жумушчуларды саны жылдан жылга көбөйүп жатат. Аны менен бирге мигранттардын Орусия экономикасына кошкон салымы да көбөйүп, өткөн жылы эле патенттен 45 млрд. рубль каражат түшкөн. Кыргызстандык мигранттар болсо өткөн жылы өлкөсүнө 1 938,5 млн АКШ доллар которгон.

Орусиядагы борборазиялык жаш мигрант, орто билимдүү, курулушта иштейт - мындай мигранттын портрети жакында эле Орусияда жарыяланды. Бул иликтөө Орусиянын мамлекеттик кызмат жана эл чарбасы академиясынын илимий кызматкерлери, герограф, демографтар тарабынан даярдалды.

Андай айтылгандай, эмгек мигранттарынын көбүн эркектер түзөт, аялдар аз, болсо дагы мыйзамсыз иштегендер басымдуулук кылат. Жакынкы жылдары Орусия мындай мигранттар болбосо кыйналып калат.

Жыл сайын көр тирилик менен Орусияга агылган жаш мигранттар көбөйүүдө. Мисалы 2000-жылы 18-29 жаштагылардын үлүшү төрттөн бирди түзсө, 2015-жылы бул сандар 45 пайызды түзүп калган. Ошол эле маалда үй-бүлөсү менен Орусияга кеткендердин да саны артууда.

“Кыргызстандагы жумушсуздуктун айынан бул жакта миллионго жакын мигрант иштейт деп айтылып жүрөт. Азыр ар бир үй-бүлөнүн жок дегенде бир мүчөсү Орусияга иштегени келген. Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдө дагы ушундай эле көрүнүш байкалат”, -деди Би-Би-Сиге Москвадагы “Кыргыз биримдиги” уюмунун жетекчиси Абдыганы Шакиров.

Орусияда 2009-жылдагы жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, эмгек мигранттарынын күчүн 14% иш берүүчүлөр пайдаланган. Ири бизнесте болсо 21%, орто жана чакан бизнесте 12% тегерегинде.

Сүрөттүн автордук укугу reuters
Image caption Орусиянын федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча мигранттардын 34 пайызы курулушта иштейт

Орусиянын федералдык миграция кызматынан алынган маалыматта, мигранттардын 34 пайызы курулушта, 13 пайызы кызмат көрсөтүү жаатында, 10 пайызы кайра иштетүү өндүрүшүндө, 7 пайызы айыл чарба жана токтой чарба багытында, дагы 7 пайызы соода-сатыкта, 3 пайызы транспорт жана байланыш тармагында, 26 пайызы болсо башка тармактарда иштейт деп жазылган.

Оор жумуштарда көбүнчө мигранттардын басымдуулук кылганы жашыруун деле эмес.

"Орусиялыктардын өздөрү аз айлык менен мындай оор жумушта иштегиси келбейт. Курулуш сыяктуу иштерде кожоюндар акчаны бербей койгон учурлар да көп. Ошентип мигранттар же акчасын ала албай, же ишти таштап кете албай жүрө берет”, -деди Москвада көп жылдан бери иштеген Белек.

Эмгек мигранттары кимдер?

Алардын көпчүлүгүн кыргызстандыктар, тажикстандык жана өзбекстандыктар түзөт. Казакстандык мигранттар Орусияда салыштырмалуу аз. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке кирген мезгилден тартып Орусияда жүргөн кыргызстандыктарга кыйла жеңилдиктер каралып, мурдагыдай көп каражат төлөбөй калганы айтылган. Башка мигранттар болсо расмий каттоодон өтүп, патент төлөп иштеп, бул иштерге бир кыйла каражат керек болот.

“Тажикстандык жана өзбекстандыктарга кыйын, алар патент менен иштейт. Андан башка дагы акча төлөнө турган жерлер бар. Кыргызстандыктарга бул жагынан жеңил, жашаган жерди жана эмгек келишимди расмий каттоодон өткөрүп эле иштей беребиз. Ошентип тапкан таап, жүргөндөр жүрөт”, -дейт Белек.

“Кыргыз биримдиги” уюмунун жетекчиси Абдыганы Шакиров болсо кыргызстандыктардын социалдык укуктары жакшыраак корголуп калды дейт:

“Мурдагыга караганда кыйла жакшырып калды. Кыргызстан ЕАЭБне киргенден кийин жарандар башкалар менен тең укукка ээ болду. Жумушка орношуу тартиби, каттоодон өтүү мурдагы жылдарга салыштырмалуу оңой болуп калды”.

Орусияда эмгекке жарамдуу калктын саны 2007-жылдан тартып кыскарып баратат. Орусиянын статистика улуттук кызматынын маалыматы боюнча, 2015-2025 жылга чейин орточо эсеп менен жети миллион калк эмгекке жарамдуу болбой калат. Мигранттардын Орусия экономикасы жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнө кошкон салымын эске алганда, иликтөө жүргүзгөндөр Орусия жакынкы он жылда мигранттарсыз жашай албайт деген жыйынтык чыгарууда.

Тектеш темалар