ФБРдин мурунку жетекчисине шайлоодогу Орусиянын ролун иликтөө тапшырылды

Роберт Мюллер 2001-2013-жылдары Федералдык коопсуздук бюросун жетектеген.
Image caption Роберт Мюллер 2001-2013-жылдары Федералдык коопсуздук бюросун жетектеген.

АКШнын Юстиция министри президенттик шайлоого Орусиянын кийгилишүүсү болгон деген божомолдорду иликтөө үчүн атайын прокурор дайындады.

Бул кызматка 2001-2013-жылдары Федералдык коопсуздук бюросун жетектеген Роберт Мюллер дайындалды деп билдирди аталган министрлик.

АКШнын Башкы прокурорунун орун басары Род Розенстайн иликтөө ишине атайын прокурордун дайындалганы боюнча түшүндүрмө берип жатып, иликтөөнү көзөмөлдөй турган көз карандысыз эксперт зарыл эле деп айтты.

Атайын прокурорду дайындоо талабы 10-майда Президент Трамп Федералдык коопсуздук бюросунун жетекчиси Жеймс Комини кызматтан алгандан кийин айтыла баштаган.

Коми президенттин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин Орусия менен байланыштары тууралуу иликтеп жаткан. Ак үйдөгү расмий билдирүүдө Трамп мындай чечимди Башкы прокурор Жефф Сешнстин жана анын орун басары Род Розенстайндын сунушу менен кабыл алганы айтылган.

Оппозиция президенттин чечимин сынга алып, Трамп мындай аракети менен Коми жетектеп жаткан анын шайлоо кампаниясынын Орусия менен байланыштары тууралуу иликтөөсүнө таасир этүүдө деп айыпташкан.

Дональд Трамп өзүнүн Федералдык коопсуздук бюросунун директорун кызматтан алган АКШ тарыхындагы экинчи кол башчы. 1993-жылы ошол кездеги мамлекет башчы Билл Клинтон Федералдык коопсуздук бюросунун директору Уильям Сешнсты отставкага кетирген эле. (AbA)

Тектеш темалар