Колумбияда портто болгон жарылуудан каза тапкандар бар

Колумбиянын Картахена шаары

Колумбиянын Картахена шаарындагы портто удаасынан болгон жарылуудан кеминде алты киши каза таап, 20 киши ар кандай жаракат алды.

Жарылуунун себеби аныкталып жатат. Франс пресс агенттиги өз булактарына шилтеме берип, полиция бул кол салуу атайын пландалган эмеспи дегенди иликтөөгө киришкенин кабарлады.

"Үч жолу жарылуу болду. Эки жарылуу удаасынан бир эле жерде орун алган»,-деп билдирди жергиликтүү өрт өчүрүү кызматынын өкүлү.

Ѳрт өчүрүү кызматы эки жарылуу кеме курган америкалык Astivik заводунун аймагында болгонун ырастады. Үчүнчү жарылуу колумбиялык кеме оңдогон Cotecmar корпорациясынын аймагында орун алган.

Жарылуудан кийин өрт чыгып, көп өтпөй эле өчүрүлдү. Окуя болгон жер шаардын өндүрүш аймагы эсептелип, туристтер көп келген жайдан 15 чакырым алыстыкта орун алган.

Тектеш темалар