Британиядагы шайлоо: Мэй миграцияны кыскартуу чараларын убада кылды

Британияга жылына жүз миңдеген мигранттар келет. Муну он миңге чейин кыскартуу чаралары каралып жатат. Сүрөттүн автордук укугу PA
Image caption Британияга жылына жүз миңдеген мигранттар келет. Муну он миңге чейин кыскартуу чаралары каралып жатат.

Консервативдүү партиянын шайлоо алдындагы манифесттиндеги убадалардын бири иммиграцияны токтотуу боюнча чараларды көрүү тууралуу болду.

Би-би-си документ менен жарыяланардан алдын кеңири таанышып чыккандан кийин ушундай тыянакка келди. Британдык компанияларга чет элдик жумушчу күчүн жалдоо үчүн көбүрөөк акча төлөөгө туура келет. Ал эми мигранттар болсо улуттук саламаттыкты сактоо системасына (NHS) көп каражат которушу күтүлөт.

Тереза Мэй жыл сайын өлкөгө агылып келген жүз миңдеген мигранттардын санын кыскартууга умутулуп жатат. Анын айтымында, миграциянын мындай чоң агымы коомду ыдыратышы мүмкүн.

Мындан сырткары Тереза Мэй социалдык жардам көрсөтүү чыгымдарынын өсүп жатканын жөнгө салууга багытталган бир катар чараларды жарыялоого даярданууда.

Бирок консерваторлордун манифесттиндеги негизги басым дал ушул миграция маселесине жасалган.

Таза миграция

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Эксперттер экономикалык чыгымдарсыз мигранттардын агымын радикалдуу кыскартуу мүмкүн эмес дешет.

Документте негизинен Евробиримдикке кирбеген өлкөлөрдөгү бардык визалык категориялар боюнча кыскартуулар, миграциянын агымын көзөмөлдөө чаралары тууралуу убада берилген.

Ошону менен бирге премьер-министр Британия биримдиктен чыккандан кийин Евробиримдиктеги өлкөлөрдөн келген мигранттардын дагы санын көзөмөлдөө, кыскартуу тапшырмасын өкмөтүн алдына койгону жатат. Бул тууралуу Мэйге жакын булактар кабарлаган. Тереза Мэй мунун менен "брексит" азыркыдай кенен-кесири өлкөгө кирүү эркиндигин чектей турганын кыйытты.

Мэй жумуш берүүчүлөрдүн эмгек мигранттарынын күчүн пайдалануусун азайтуу үчүн экономикалык рычагдарды ишке киргизүүгө ниеттенүүдө. Мына ушул максатта ЕБдан сырткары өлкөлөрдөн келгендерди жумушка алганда ишканалар казынага төлөгөн акчаны эки эсе көтөрүүнү сунуштады.

Квалификация үчүн акча жыйноо ушул жылдын апрель айында киргизилген эле. Учурда ал ар бир жумушчу үчүн миң фунтту түзөт. Бул төлөмдөрдөн түшкөн акчаны британ жумушчуларынын квалификациясын көтөрүү фондуна жөнөтүү пландалууда.

Сүрөттүн автордук укугу PA
Image caption Тереза Мэй миграциянын мындай чоң агымы коомду ыдыратышы мүмкүн дейт.

Айрымдар консерваторлордун миграциянын агымын басаңдатуу планын иш жүзүндө өлкө экономикасына залакасын тийгизиет деп сынга алышууда.

Таза миграция, башкача айтканда Британияга бир жылдан ашуун мөөнөт менен келгендер жана ушул эле убакытта өлкөнү таштап чыгып кеткендер ортосундагы айырма өткөн жылдын сентябрындагы маалыматтар боюнча 273 миң кишини түзгөн. Акыркы жолу бул көрсөткүч 1997-жылы 100 миңге чейин төмөндөгөн эле.

Evening Standard басылмасындагы макалага ишенсек (эске сала кетсек басылманын редактору мурдагы Каржы министри Жорж Осборн), министрлер ич ара бул коюлган максаттарды реалдуулуктан алыс деп жатышат.

Макалада мындай максаттар Дэвид Кэмерондун учурунда эле айтылып, бирок колдоо тапкан эмес деп айтылган. Эмнеге Тереза Мэй кайра эле ушуну талап кылып жатканы табышмак. Басылма мына ошондуктан «өткөндүн акмак саясатын жайында калтырууга» премьер-министрди чакыра кеткен.

Социалдык чаралар

Image caption Манифестте улгайгандарга кам көрүү үчүн каражатты кайдан алыш керек дегенге өзгөчө маани берилиген.

Миграцияны чектөөдөн сырткары Мэй социалдык колдоолордун чыгымдарын кыскартуу боюнча дагы бир катар чараларды жарыялоого даярдык көрүүдө.

Учурда бардык пенсионерлерге берилип келген жылуулукка кеткен чыгымдарга төлөмдөр эми алардын материалдык абалына карап берилет. Мындан үнөмдөлгөн каражаттар кайра эле улгайган кишилерге кам көрүүгө сарпталат.

Манифестте төмөнкү класстардагы окуучуларга берилген эрте мененки бекер тамакты жоюу боюнча айтылган. Айрым маалыматтарга караганда, киреше салыгын, кошумча нарк салыгын, социалдык камсыздандыруу фондунун төлөмдөрүн жогорулатпоо тууралуу өткөн 2015-жылдагы шайлоодогу берилген убадалардан баш тартуу боюнча да аталган документте сөз болот.

Ошондой эле бюджеттин таңкыстыгын жок кылуу боюнча график дагы кайра каралат. Жаңы план боюнча бул алдыдагы он жылдыктын орто ченинде болушу керек. (AbA)

Тектеш темалар