Еврокомиссия Facebook социалдык тармагын айыпка жыкты

WhatsApp баарлашуу тиркемесин сатып алууда Facebook жалган маалымат көрсөткөнү себеп болгон. Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Бейшембиде Еврокомиссия америкалык Facebook социалдык тармагына 120 миллион доллар айып пул салды. Буга WhatsApp баарлашуу тиркемесин сатып алууда Facebook жалган маалымат көрсөткөнү себеп болгон.

"Бүгүнкү чечим компанияларга Евробиримдиктин баардык бирдиктүү эрежелерин так аткаруу, анын ичинде туура маалымат берүү милдетин эскерткен коңгуроо болду»,-деди Еврокомиссиянын атаандаштык боюнча комиссары Маргрет Вестагер өз билдирүүсүндө.

"Комиссия анык фактыны билип туруп, атаандаштыкка таасирин тийгизген кесепеттерди жоюу боюнча чечим кабыл алышы керек»,-деп кошумчалады ал.

Еврокомиссиянын адистери 2014-жылдын соңунда социалдык тармактар секторундагы атаандаштыкка коркунучу жок деген чечим менен WhatsApp баарлашуу тиркемесин сатып алууга уруксат берген.

Еврокомиссия билдиргендей, Facebook анда компания «эки сервистин аккаунттарын бири-бирине байлаган ишенимдүү автоматташтыруу системасын түзө албай турганын» айткан экен. Бирок 2016-жылдын августунда WhatsApp тармакты колдонуу шарттары жана купуялуулук саясаты жаңыланганын жарыялап, WhatsApp колдонуучусунун номерин Facebook аккаунтуна байлап койсо болорун айтып чыкты.

Ѳткөн жылы комиссия бул боюнча иликтөө баштаган эле. Иликтөөнүн жүрүшүндө комиссия 2014-жылы компания туура эмес маалымат бергенин, ошондо эле Facebook жана WhatsApp аккаунттарын байланыштыруу боюнча техникалык мүмкүнчүлүктөр болгонун таап чыккан.

Facebook октябрь айында жергиликтүү бийликтин кысымынан кийин Евробиримдиктин аймагында WhatsApp колдонуучулары тууралуу маалыматтарды чогултууну убактылуу токтоткон эле. (AbA)

Тектеш темалар