АКШ аскер учагы Кытайдын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан кармалган

кытайлык эки Су-30 учагы Сүрөттүн автордук укугу AFP

Чыгыш-Кытай деңизинин үстүнөн кытайлык эки Су-30 учагы америкалык аскер учагын колго түшүрүп, "тажрыйбасыздыгын" көрсөттү деп кабарлады АКШ аскер жетекчилиги.

Вашингтон америкалык WC-135 Constant Phoenix учагынын негизиги тапшырмасы атмосферадагы радиоактивдүү бөлүкчөлөрдү кармоо болгон деп билдирет. Бул пландалган учуу болгон жана учак кармалган учурда эл аралык аба мейкиндигинде эле деди америка тарап. Буга чейин бул учак Түндүк Кореядагы болжолдуу өзөктүк курал сыноосу боюнча маалыматтарды чогултууга пайдаланылып келген.

Кытай аскерлеринин аракети АКШ тарабынан профессионалдуу эмес деген баа алды. Бул окуя тууралуу маалыматтар дипломатиялык жолдор аркылуу Кытай расмийлерине жөнөтүлөт деди америкалык аскер жетекчилиги. АКШнын Аба күчтөрүнүн басма сөз катчысы Лори Ходж окуя иликтенип жатканын тастыктады.

Кытай америкалык аскерлердин өзүнүн аймагына жакын жердеги активдүү аракеттерине ар дайым өтө сактык менен карайт.

Февраль айында АКШ Түштүк-Кытай деңизине Carl Vinson авианосецин жана аны коштогон аскер кемелерин жөнөткөн. АКШнын бул аракети чөлкөмгө коркунуч жарат деп Пекин Вашингтонго эскертүүлөрдү бергени бар. АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү бул аскер кемелеринен турган топ бул чөлкөмдө пландуу күзөттөрдү өткөрөрүн кабарлаган болчу.

Өткөн жылдын май айында кытайлык истребителдер Түштүк-Кытай деңизинин үстүнөн америкалык учакты кармап алышкан. Анда дагы АКШ тарап аскер учагы пландуу учууларды ишке ашырып жатканын айткан эле. (AbA)

Тектеш темалар