Жардыргыч заттын ноутбукка жашырылып учакка кириши канчалык олуттуу?

Буга чейин теракт коркунучунан улам Британия менен АКШ Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадан келген каттамдарындагы учактарда планшет жана ноутбукту кол жүк менен алып кирүүгө тыюу салган эле. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Буга чейин теракт коркунучунан улам Британия менен АКШ Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадан келген каттамдарындагы учактарда планшет жана ноутбукту кол жүк менен алып кирүүгө тыюу салган эле.

Экстремисттер учактарда жардыргыч заттарды жашыруу үчүн ноутбук жана планшеттерди колдонушу толук мүмкүн. Муну эми убакыт көрсөтөт деди Бириккен улуттар уюмунун антитеррордук комитети.

«Ушундай болобу дебей, суроону бул качан болот дегенге коюш керек»,-деди антитеррор комитетинин аткаруучу директору Жан-Поль Лаборд.

Мындай билдирүү АКШ жана Евробиримдик учактагы кол жүктөргө планшет жана ноутбук алып кирүүгө болбойт деген чечимин өзгөрткөндөн кийин айтылды. Буга чейин теракт коркунучунан улам Британия менен АКШ Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадан келген каттамдарындагы учактарда планшет жана ноутбукту кол жүк менен алып кирүүгө тыюу салган эле.

Лаборддын пикиринде, европалык каттамдарда жардыруулар уюштурулушу мүмкүн деген коркунуч өтө олуттуу. Европа өлкөлөрүнө өзгөчө коркунучту Сирия жана Ирактан кайтып келе жаткан «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун согушкерлери жаратат деп түшүндүрдү БУУнун антитеррордук комитетинин жетекчиси.

«Ислам мамлекети» экстремисттик тобу Сирия жана Иракта өздөрүнүн позицияларын жоготууда. Жыйынтыгында өзүнүн өлкөсүнө кайтуунун чечкен согушкерлер саны артат. Лаборддун айтымында, булар мурда жардырууларды уюштургандардан алда канча коркунучтуу.

"Жалпысынан алганда, бул кишилер өтө чечкиндүү тажрыйбалуу жана даярдыктан өткөн»,-деп белгилейт Жан-Поль Лаборд.

Марттын соңунда АКШ калкынын көпчүлүгүн мусуламандар түзгөн сегиз өлкөдөн келген каттамдарда электрондук каражаттарды учактын салонуна алып кирүүгө тыюу салган эле. Алар негизинен Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африка өлкөлөрүнөн: Түркия, Марокко, Иордания, Египет, БАЭ, Катар, Сауд Аравиясы жана Кувейттен келген каттамдар болгон. Буларды Вашингтон террордук коркунучтун потенциалдуу булагы катары караган.

АКШнын Ички коопсуздук боюнча министрлиги экстремисттер учакты жардыруунун жаңы ыкмаларын издеп жатканына токтолгон. Жардыргыч заттар ноутбукта, планшетте, видео камерада, электрондук жабдыктардын көпчүлүгүндө катылышы мүмкүн деген эле министрлик.

Ушундай эле чектөөнү Британия дагы киргизген. Анда алты өлкөдөн келген - Египет, Түркия, Иордания, Сауд Аравия, Тунис жана Ливандан келген түз каттамдарга киргизилген.

БУУнун антитеррор комитетинин жетекчиси мындай чектөөлөрдүн болушу жок эле дегенде теракт кооптуулугун азайтат деп эсептейт. Бирок учуу мезгилиндеги коопсуздукту толук сактай албайт.

Лаборд «ИМ» экстремисттик тобунун согушкерлери жардыргыч затты ноутбукка жашырып учакка алып кирип, кол салуу уюштура алабы деген ага белгисиз экенин айтып, бирок бир катар кылмыштуу жана экстремисттик топтордо мындай мүмкүнчүлук бар экенине токтолду.

Лаборд ар кандай чектөөлөргө карабастан экстремисттик топтордун согушкерлери өз өлкөсүнө кайтуу үчүн чек араны мыйзамсыз кесип өтүүдө аткезчилердин жардамына таянышы мүмкүн экенин да эскертти.

Анын айтымында, соңку учурда «ИМ» экстремисттик тобуна кошулууну каалаган европалыктар саны кыскарганы ачык байкалды. Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон, акыркы жылдарда «ИМ» экстремисттик тобу көзөмөлдөгөн аймактарга барган чет элдиктер саны 90 пайызга кыскарганын билдирген эле. (AbA)