Британдык жаштар Instagram тармагын депрессияга алып келет деп эсептешет

Колдонуучулар Instagram социалдык тармагын психикалык саламаттыкка терс таасирин тийгизген, эч начар соцтармак катары эсептешет. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Колдонуучулар Instagram социалдык тармагын психикалык саламаттыкка терс таасирин тийгизген, эң начар соцтармак катары эсептешет. Бул тууралуу Британияда өткөрүлгөн сурамжылоо жыйынтыгында белгилүү болду.

Королдук саламаттыкты сактоо коому тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөгө курагы 14 жаштан 24кө чейинки 1479 киши катышты. Аларга популярдуу болгон беш социалдык тармактын колдонуучуларына эң эле негативдүү таасир бергени кайсыл экенин баалоо тапшырмасы берилген.

Катышуучулар YouTube, Instagram, Snapchat, Facebook жана Twitter социалдык тармагынын таасири боюнча бир катар суроолорго жооп беришкен. Иликтөөчүлөр 14 критерий боюнча жоопторго упай коюп баалашты. Анда тынчсыздануу, депрессия, жалгыздык сыяктуу психикалык саламатыкка байланышкан суроолор болгон.

Жыйынтыгында сурамжылоого катышкандар психикалык саламаттыкка көбүрөөк оң таасирин тийгизет деп YouTube, Twitter жана Facebook соцтармагын аташты. Ал эми абдан начар бааларды Instagram жана Snapchat соцтармагына беришти.

"Психикалык саламаттык жана маанайга таасири боюнча Instagram менен Snapchat рейтингдин төмөн жагында калганы кызык болду. Бул эки платформа тең сүрөттөргө толгон, кыязы бул жаштарды өздөрүн кемсинип, толук кандуу сезбөөсүн жаратып, тынчсызданууларды чакырат экен»,-дейт Королдук саламаттыкты сактоо коомунун жетекчиси Ширли Крамер.

Иликтөөдө социалдык тармактар жаштардын психикалык көйгөйүн күчөтүшү мүмкүн экени эскертилген. Бирок эгерде онлайн-платформалар мунун үстүнөн максаттуу иш алып барса, анда ал оң таасирин дагы тийгизери белгиленди.

Королдук саламаттыкты сактоо коому социалдык тармактарды колдонуучуларга өтө көп убакыт олтуруп калганы боюнча билдирме жөнөтүп туурууга чакырды. Интернетте олтурган психикалык оорукчан кишилерди дагы таап чыгуу керек деди аталган уюм. (AbA)

Тектеш темалар