Ирандыктар өлкөнүн жаңы президентин тандоодо

Шаршембиде өлкөнүн рухий лидери Аятолла Али Хаменеи жарандарды активдүү катышууга чакырды. Сүрөттүн автордук укугу AFP / IRANIAN SUPREME LEADER'S WEBSITE
Image caption Шаршембиде өлкөнүн рухий лидери Аятолла Али Хаменеи жарандарды активдүү катышууга чакырды.

Иранда президенттик шайлоо өтүүдө. Ѳлкөнүн учурдагы башкаруучусу Хасан Роухани экинчи мөөнөткө шайланууга аракет кылат.

2015-жылы өзөктүк курал боюнча дүйнөлүк державалар менен тарыхый келишимге жетишкен 68 жаштагы Роухани шайлоодо үч атаандашы менен ат салышмакчы.

Анын негизги атаандашы катары 56 жаштагы консервативдүү динаятчы Эбрахим Раиси айтылып жатат. Ал өлкөнүн рухий лидери Аятолла Али Хаменеинин колдоосуна таянууда.

Буга чейин алты талапкер катталган эле. Бирок алардын экөө - Тегерандын мэри Мохаммад Бакер Калибаф жана Ирандын мурдагы президенти Мохаммад Хатами ушул аптада шайлоо жарышынан чыгып кетти.

Күрөштү улантууну чечкен калган дагы эки талапкер бул - реформаны жактаган Мустафа Хашемитаба жана мурдагы маданият министри Мостафа Мирсалим.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Эгерде талапкерлер 50 пайыз добуш топтой албаса, кийинки аптада шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт.

Иранда 1985-жылдан бери экинчи мөөнөткө барган президенттин кызматындагы талапкер утуп келген. Аятолла Али Хаменеинин өзү дагы экинчи мөөнөткө ийгиликтүү утуп чыкканы бар.

Ѳлкөнүн Ички иштер министрлиги жалпысы болуп 63 500 добуш берүү участкасы ишин баштаганын билдирди. Добуш берүү жайлары жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дө жабылат. Адатта буга чейин шайлоолочулардын активдүү катышуусунан улам добуш берүү бир нече саатка узартылып келген.

Шайлоонун алдынала тыянактары жекшембиде белгилүү болот.

Шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күнү шаршембиде өлкөнүн рухий лидери Аятолла Али Хаменеи жарандарды активдүү катышууга чакырды. Ушунусу менен жарандар ислам режиминин популярдуулугун даңазалайт деди рухий лидер.

"Америкалык, европалык чиновниктер жана сионисттик режимдин өкүлдөрү биздин шайлоодогу катышуу деңгээли кандай болот экен деп байкоо салып турушат»,-деди ал.

"Ирандыктардын душмандары бар. Душмандын алдында жарандар өзүнүн чечкиндүүлүгүн жана сабырдуулугун көрсөтүшү керек»,-деп кошумчалады ал.

Эбрахим Раиси деген ким?

Сүрөттүн автордук укугу AFP

56 жаштагы Раиси - консервативдүү динаятчы жана «сеид»(шийит агымындагы салт боюнча Мухаммед пайгамбардын түздөн-түз урпагын ушунтип аташат).

Ал дин аалымы жана катаал чаралардын жактоочусу. Раиси юриспруденция жаатында ийгиликтүү карьера жасап, Тегерандын прокурорунун орун басары болуп 25 жыл иштеген. 1988-жылы "өлүм комиссиясы" деп аталып жүргөн соттук кеңештеги төрт судьянын бири болгон.

Бул кеңеш төрт миңге чукул саясый негизде камалгандарды өлүм жазасына тарткан. 2010-жылы тогуз демонстранттын өлүм жазасы боюнча өкүмгө Раисинин жеке тиешеси болгон.

Аны өлкөнүн рухий лидери Аятолла Али Хаменеи колдойт деп эсептешет. Раиси Ирандагы мамлекеттик басылмаларга көп деле чыкпайт. Бирок анын талапкерлиги социалдык тармактарда жана өлкө сыртындагы перси телеканалдарында активдүү талкууланууда.

Хасан Роухани деген ким?

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Роухани 2013-жылы өлкөнү эл аралык изоляциядан алып чыгуу жана эркин коом түзүү убадасы менен президенттик шайлоону утуп келген.

Эки жылдан кийин Ирандын өкмөтү дүйнөлүк алты ири держава менен тарыхый келишимге жетти. Ал келишимде Иран экономикалык санкциялар алынса, өзөктүк куралдан баш тартууга макулдук берген.

Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Роухани мурдагы президент Мохаммад Хатами башында турган реформаны жактагандардын колдоосун алды (Мохаммад Хатами 1997-2005-жылдары бийликте турган. Айрымдар аны "ирандык Горбачев" деп атап жүрүшкөн).

Роухани - жогорку билимдүү шийит динаятчысы жанан укук таануучу. Ал Глазгодогу Каледон университетинде докторлук диссертациясын жактаган. Араб, англис, француз, немис жана орус тилдеринде сүйлөйт.

Ирандагы шайлоонун мааниси

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Биринчиден, өлкөдө президент эң маанилүү киши эмес. Анткени бийликтин көбү өлкөнүн Жогорку рухий көсөмүнө берилип, ал куралдуу күчтөрдү, сот системасын, мамлекеттик ММКларды жана башка маанилүү өкмөттүк түзүмдөрдү көзөмөлдөйт. Жогорку рухий лидер өлкөнүн сырткы саясатын дагы аныктайт.

Ирандын рухий көсөмү президенттин ишин көзөмөлдөйт. Бирок формалдуу көз караш менен алганда президенттик дагы таасирдүү кызмат. Иш жүзүндө эч ким рухий көсөм менен талашып-тартышкысы келбейт.

Учурдагы Жогорку рухий көсөм Аятолла Али Хаменеи 76 жашта. Анын саламаттыгы дагы анчейин жакшы эмес. Бул жагдай президенттик шайлоонун маанисин артырууда.

Иран Жакынкы Чыгыштагы маанилүү оюнчу эсептелет. Тегеран дале болсо өзүнүн өзөктүк куралынын үстүнөн иштеп келүүдө.

Ирандын Сириядагы интервенциясы, анын Орусия менен жаңы альянсынан улам көпчүлүк саясатчылар анын чөлкөмдөгү көп маселелерди чече ала турган күчүн, ошол эле учурда коркунучун көрүүдө.

Ирандын эскирген инфраструктурасын, өнөр-жайын жана энергетика, курулуш тармагын калыбына келтирүү үчүн сырттан көмөк керек. Айталы, кишилерди жумушсуздук, байлар менен жакырлар ортосундагы ажырымдын кеңейип баратканы дагы кабатыр кылат. Раиси мына ушундан пайдаланып кетүүнүн көздөп, өзүн жакыр катмардын коргоочусу катары көрсөтүүдө. Маселен, ал жакырлар жана жумушсуздар үчүн төлөнө турган жөлөк пулду үч эсеге көтөрүүнү убада кылды.

Роухани болсо системалуу реформа жана өлкөнүн инфраструктурасы үчүн инвестиция тартуу маселесин көтөрүп жатат.

Дагы бир негизги суроолордун бири бул - сөз эркиндиги. Иранда учурда «Фейсбук», «Твиттер» жана Youtube сайттарына тосмо коюлган. Бирок Telegram баарлашуу тармагы менен Instagram иштейт. Раиси атаандашы Роуханиден айрымаланып бул соцтармактарды да бөгөш керек деп эсептейт.

(AbA)

Тектеш темалар