Сириялык көтөрүлүшчүлөр Хомсту таштап чыгып кетти

Көтөрүлүшчүлөрдү эвакуациялоо келишими жана аны ишке ашыруу орусиялык аскерлердин катышуусунда өттү. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Көтөрүлүшчүлөрдү эвакуациялоо келишими жана аны ишке ашыруу орусиялык аскерлердин катышуусунда өттү.

Сириянын бийлиги Хомс шаары толук өкмөттүк күчтөрдүн көзөмүлүнө өткөнүн билдирди.

Ѳлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан бул аймак 2011-жылы жазында Сирияда куралдуу жаңжал башталгандан бери биринчи жолу өкмөттүн көзөмөлүнө өттү.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Көтөрүлүшчүлөр шаарды таштап чыгып кеткенден кийин тургундар жапырт көчөгө чыкты.

Провинциянын губернатору Талял Барази шаарда бир дагы курал жана согушкерлер калган жок деди. Аймактан көтөрүлүшчүлөрдү эвакуациялоо келишими жана аны ишке ашыруу орусиялык аскерлердин катышуусу менен болду. Бразинин айтымында, көтөрүлүшчүлөрдү жана алардын үй-бүлөсүн салган эң акыркы автобус аль-Ваер шаарын көздөй чыгып кетти. Бул шаардын чет-жакасын оппозициялык күчтөр көзөмөлдөп келүүдө.

Көпчүлүк көтөрүлүшчүлөр түндүк-батыш тараптагы оппозициянын колундагы Идлиб провинциясын көздөй багыт алууда. Хомстан негизги күчтөр 2014-жылы эле чыгып кеткен. Шаар бир нече жыл курчоодо күн кечирди.

Тектеш темалар