Сауд Аравиясы АКШдан ири суммага курал-жарак сатып алууда

Эр-Рияд Трампка жогорку мамлекеттик сыйлык - падыша Абдель-Азиздин орденин берди. Сүрөттүн автордук укугу AFP/GETTY IMAGES
Image caption Эр-Рияд Трампка жогорку мамлекеттик сыйлык - падыша Абдель-Азиздин орденин берди.

Сауд Аравиясы АКШдан 109,7 млрд долларга бааланган курал-жарак сатып алат. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Бул АКШ тарыхындагы курал-жарак сатуу боюнча эң ири келишим болмокчу. Маалыматта айтылгандай, АКШ президенти Дональд Трамп Эр-Риядда расмий иш сапары менен келген учурунда келишимге жетишилген.

Келишимде Сауд Аравиясы жалпы суммасы 6 млрд долларды түзгөн Black Hawk үлгүсүндөгү 150 тик учак дагы сатып алаары тууралуу Рейтер агенттиги жазды. Ошондой эле Эр-Рияд танка, артиллериялык куралдарды, бронетехника, жээк кайтаруу үчүн кемелерди жана "Пэтриот" менен THAAD үлгүсүндөгү ракетага каршы коргонуу системасын сатып алмакчы.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө, курал-жарак боюнча келишим Сауд Аравиясынын чөлкөмдөгү терроризм менен күрөшүүдөгү салымын жогорулатып, бул операцияларды ишке ашырып жаткан АКШнын жүгүн дагы жеңилдетет деп айтылган.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Саудиялыктар АКШдан "Пэтриот" менен THAAD үлгүсүндөгү ракетага каршы коргонуу системасын сатып алмакчы

Жаңы келишим ошондой эле Сауд Аравиясынын Перс булуңундагы коопсуздук сактап турушуна дагы көмөк берет деди Мамлекеттик департамент. АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон бул келишимди жана Трамптын расмий иш сапарын салттуу түрдө Ирандын геосаясый каршылашы болгон АКШ менен Сауд Аравиясынын ортосундагы «тарыхый учур» деп атады. Тиллерсон кайра шайланып келген Ирандын президенти Хасан Роуханинин «чөлкөмдөгү стабилдүүлүккө бүлүк салып жаткан күчтөрдү Тегарандын колдоосун азайтууга» мүмкүнчүлүгү бар деди.

Эр-Рияддагы Би-би-си кабарчысы Фрэнк Гарднердин баяндамасы

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Сауд Аравиясы Дональд Трампты шаан-шөкөт жана жогорку урмат менен кабыл алды. Мындай кабыл алуу мурдагы президент Барак Обамага буюруган эмес эле. Саудиялыктар Обаманы Иранга карата өтө эле жумашк позицияны карманат деп күнөөлөп, жактырбай келишкен. Албетте, Иран болсо Сауд Аравиясынын негизги атаандашы.

Көпчүлүк саудиялыктар Трамп өзүнүн биринчи чет өлкөгө турнесин Сауд Аравиясынан баштаганына сыймыктанып турушат. Бирок терең үңүлүп караганда көпчүлүк саудиялыктар чөлкөмдөгү американын саясатына нааразы. Алар АКШ, бүтүндөй Батыш өлкөлөрү исламга каршы деп эсептешет.

Жекшембиде Дональд Трамп 40 мусулман өлкөсүнүн лидерлери чогулган саммитте сөз сүйлөп, мындай пикирлерден арылууга аракет кылмакчы. Ал ислам дүйнөсүн терроризм менен күрөшүүгө үндөйт деп күтүлүп жатат.

Эмитен эле Дональд Трамп мындай чакырык салууга ылайыктуу талапкер эмес деген комментарийлер айтыла баштады. Бирок азырынча саудиялыктар ага ишеним кредитин беришкенсиди. (AbA)

Тектеш темалар