Иранда президенттик шайлоону Роухани утуп чыкты

Хасан Роухани 56 пайызга чукул добуш алган. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Хасан Роухани 56 пайызга чукул добуш алган.

Шайлоонун алдын ала маалыматтарына ылайык экинчи мөөнөткө президент болууга умтулуп жаткан Хасан Роухани негизги атаандашы динаятчы Эбрахим Раисиден көп добушка ээ болду.

Ирандын Ички иштер министрлиги 39 млн чукул бюллетендер саналып бүткөндөн кийин Роухани 22,8 млн добуш, ал эми Раиси - 15,5 млн добуш алганы белгилүү болгонун билдирди. Эгерде талапкер 50 пайыздан ашуун добуш алса, шайлоонун экинчи айлампасы болбойт.

56 жаштагы Эбрахим Раиси добуш берүү учурундагы мыйзам бузуулар боюнча даттануусун билдирген. Ал Роуханинин тарапташтары добуш берүү жайында үгүт жүргүзүп, мыйзамды бузду деп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption 56 жаштагы Эбрахим Раиси добуш берүү учурундагы мыйзам бузуулар боюнча даттануусун билдирген.

Шайлоочулардын активдүү катышуусунан улам добуш берүү мөөнөтү беш саатка узартылган. Жыйынтыгында добуш берүүгө шайлоочулардын 70 пайызы келгени белгилүү болду. Ички иштер министрилигинин маалыматына караганда добуш берүүгө 40 милн чукул шайлоочу келген.

Роухани 2013-жылы өлкөнү эл аралык изоляциядан алып чыгуу жана эркин коом түзүү убадасы менен президенттик шайлоону утуп келген. Эки жылдан кийин Ирандын өкмөтү дүйнөлүк алты ири держава менен тарыхый келишимге жетти. Ал келишимде Иран экономикалык санкциялар алынса, өзөктүк куралдан баш тартууга макулдук берген.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Шайлоочулардын активдүү катышуусунан улам добуш берүү мөөнөтү беш саатка узартылган.

56 жаштагы Раиси - консервативдүү динаятчы жана «сеид»(шийит агымындагы салт боюнча Мухаммед пайгамбардын түздөн-түз урпагын ушунтип аташат). Ал дин аалымы жана катаал чаралардын жактоочусу. Раиси юриспруденция жаатында ийгиликтүү карьера жасап, Тегерандын прокурорунун орун басары болуп 25 жыл иштеген. 1988-жылы "өлүм комиссиясы" деп аталып жүргөн соттук кеңештеги төрт судьянын бири болгон.

Ѳлкөдө бийликтин көбү өлкөнүн Жогорку рухий көсөмүнө берилип, ал куралдуу күчтөрдү, сот системасын, мамлекеттик ММКларды жана башка маанилүү өкмөттүк түзүмдөрдү көзөмөлдөйт. Жогорку рухий лидер өлкөнүн сырткы саясатын дагы аныктайт. Бирок формалдуу көз караш менен алганда президенттик дагы таасирдүү кызмат.

Тектеш темалар