Венесуэла президенти оппозицияны оппонентин өрттөдү деп айыптады

Күбөлөрдүн айтымында Орландо Фигуэрага уурулук кылды деп кол салышкан. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Күбөлөрдүн айтымында Орландо Фигуэрага уурулук кылды деп кол салышкан.

Венесуэла президенти Николас Мадуро өкмөткө каршы чыгып жаткан демонстранттар Каракаста бийликти жактаган кишинин өрттөгөн деп айыптады.

Маалыматтарга караганда Каракастагы өкмөткө каршы демонстрациялардын 50-күнүндө 21 жаштагы Орландо Хосе Фигуэраны уурулук боюнча айыпташып, өрттөп жиберишкен. Анын денесинин 80 пайызы күйүп кетсе дагы тирүү калган. Денесине бычак сайылганы да белгилүү болду.

Мамлекеттик телеканал аркылуу кайрылуу жасаган өлкө президенти Фигуэрага кол салгандарды «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун согушкерлерине салыштырып, аны болгону мурдагы президент маркум Уго Чавес тарабынан түзүлгөн кыймылдын мүчөсү болгон үчүн ушундай кылышыптыр деп айтты.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Нааразылык жүрүштөрү жети аптадан бери уланып жатат.

Ошол эле учурда Валера шаарында белгисиз кишилер өкмөткө каршы чыгып жаткан демонстранттарга каршы ок атып, бир нече киши жаракат алганын өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди. Алардын бири - Эди Алехандро Теран Агуилар каза тапты. Шаардагы нааразылык жүрүштөрү учурунда 46 киши ар кандай жаракат алган.

Ѳлкөдө нааразылык толкуну башталгандан бери 48 киши каза тапты. Нааразылык жүрүштөрү жети аптадан бери уланып жатат. Мадуронун каршылаштары анын саясаты өлкөнүн экономикасын сазга батырып, бүлүндүрүп, демократиялык эркиндикти кысымга алууда деп эсептешет.

Оппозиция мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүп, соңку жылдары абакка кесилген оппозициялык активисттерди бошотууну талап кылууда.

Тектеш темалар