Бангкоктогу аскердик ооруканада жардыруу болду

Белгилүү болгондой жарылуу оорукананын дарыканасында орун алып, имараттын ичи коюу түтүн капталган Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Белгилүү болгондой жарылуу оорукананын дарыканасында орун алып, имараттын ичи коюу түтүн капталган

Бангкоктун борбордук бөлүгүндөгү оорукандагы болгон жарылуудан кеминде 24 киши жаракат алды. Бул тууралуу Erawan Rescue Centre куткаруучулары маалымат таратты.

Отставкадагы аскер кызматкерлери дарыланган бул Пхрамонгкутклао ооруканасындагы жарылуу Таиландда 2014-жылдагы аскердик төңкөрүшү ишке ашкан датага туш келди.

Алдын ала маалыматтарга караганда ооруканада пакетке жашырылган жардыргыч зат жарылган болушу мүмкүн. Полиция жаракат алгандардын көбү оор абалда экенин кабарлады. Белгилүү болгондой жарылуу оорукананын дарыканасында орун алып, имараттын ичи коюу түтүн капталган. Бул бейтаптарды ызы-чуу түшүргөн. Бирок бейтаптарды жана оорукана кызматкерлерин эвакуациялоо зарылдыгы жок деди полиция.

9-майда Паттани шаарындагы соода борборунда эки жарылуу болуп, 40 киши жаракат алган эле.

Тектеш темалар