Йемен холера эпидемиясынын коркунучуна кептелди

Илдетке кабылгандардын көпчүлүгү балдар. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Илдетке кабылгандардын көпчүлүгү балдар.

Йемен холеранын жайылуу коркунучуна кептелди. Бир айдын ичинде бул илдеттен 250 киши каза тапты. Күн сайын жүздөгөн кишилер дартка кабылып жатат деп эскертти "Балдарды сактоо" эл аралык кайрымдуулук уюму.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, жарандык согуштун кучагында калган өлкөдө илдет күчөгөн темп менен жайылууда. Дартка кабылгандардын чоң көрсөткүчү Йемен баш калаасы Санада болуп жатат. Бийлик борбор шаарга өзгөчө кырдаал абалын жарыялаган.

Бириккен улуттар уюмунун маалыматына караганда бул жердеги калктын үчтөн экисинде (болжолу 8 миллион киши) таза суу жок. Холера илдети булганган суудан жана тамак-аштан жугат. Илдетти дарылабаса, көптөгөн кишилер каза табышы мүмкүн дейт дарыгерлер.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, жарандык согуштун кучагында калган өлкөдө илдет күчөгөн темп менен жайылууда.

"Чек арасыз дарыгерлер уюму" Йемендеги дүрт алган холераны токтотуу үчүн эл аралык коомчулукту чукул арада жардам көрсөтүүгө чакырды.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кабарлагандай Йеменде 300 оорукана кыйраган.

2014-жылдын август айынан бери Йеменде Сауд Арабия колдоого алган бийлик менен шиит козголоңчулары (хуситтер) ортосундагы жаңжал токтобой жатат. Конфликт 2015-жылдын мартынан тарта күчөдү. Ошондон бери БУУнун эсебинде бери 8 миң киши каза тапты. Алардын көпчүлүгү жайкын тургундар.

Согушка байланыштуу дээрлик 19 миллион киши гуманитардык жардамга муктаж болуп келет.

Тектеш темалар