Манчестердеги жардыруудан 19 киши каза тапты

Манчестердеги жардыруудан 19 киши каза тапты Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Манчестер полициясы шаардын борбордук бөлүгүндөгү концерттик залда болгон жарылуудан кеминде 19 киши каза таап, 59 киши жаракат алганын кабарлады.

Полиция окуяны террордук кол салуу катары карап жатат. Британиянын Ички иштер министри Амбер Радд жардыруунун "варвардык акт" деп атады.

Кабарларга караганда окуя дүйшөмбү күнү болжолу саат 22:35 чамасында болгон. Kонцерт учурунда жарылуунун үнү угулгандан кийин башаламан түшкөн жүздөгөн кишилер ал жерден качып чыгышкан. Англиянын түндүгүндөгү бул шаарда жайгашкан Manchester Arena залында америкалык поп-ырчы Ариана Гранденин концерти жыйынтыкталып жаткан эле.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Сүрөттүн автордук укугу PA

Айрымдар эки жолу болгон жарылуунун угушканын айтууда. Ал эми окуянын кээ бир күбөлөрү бир жолу катуу жарылуу болгонун айтып беришти.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Британиянын транспорттук полициясы жарылуу Manchester Arena фойесинде болгонун ырастады. Полиция тургундарды концерттик залдын алыс болууга чакырып жатат. Күбөлөрдүн бири ырчы концерттик программасын жыйынтыктап, көрүүчүлөр залдан чыгууга камынып жаткан учурда жарылуу болгонун айтып берген.

Концертте олтургандардын дагы бири жарылуудан кийин жерде 20-30 киши сулк жатып калганына күбө болгон.

Тектеш темалар