Түркияда төңкөрүш боюнча айыпталгандарды сотко алып келишти

Айыпталуучулардын катарынан тизип алып сот залына алып келе жаткан учурда президент Реджеп Тайип Эрдогандын жактоочулары чогулуп турушту. Сүрөттүн автордук укугу AFP

Түркияда мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган деген шек менен кармалган эки жүзгө чукул кишини сотко алып келишти.

Дүйшөмбүдө Анкарада 221 шектүүнүн үстүнөн сот иши башталды. Түрк бийлиги аларды АКШда жашаган белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен менен байланышта болгон деген шек камакка алган. Соттолуп жаткандардын дээрлик көпчүлүгү мурда жогорку даражадагы аскер кызматында жүргөндөр.

Айыпталуучулардын катарынан тизип алып сот залына алып келе жаткан учурда президент Реджеп Тайип Эрдогандын жактоочулары чогулуп турушту. Катарда биринчи болуп Түркиянын Аскер аба күчтөрүнүн мурдагы кол башчысы генерал Акын Өзтүрктү алып өтүштү.

Эрдогандын жактоочуларынын айрымдары төңкөрүш боюнча айыптууларды өлүм жазасына тартуу керек деп чакырык жасады. Бирок Түркиянын азыркы мыйзамдарында өлүм жазасы жок.

Мунун алдында эле бийликтин бул аракетине каршы болуп ачкачылык жарыялап жүргөн эки мугалим - Нурие Гүлен жана Семих Озак камакка алынган болчу. Фетхуллах Гүлен менен байланышта болгон деп кызматынан алынган бул мугалимдер 75 күндөн бери ачкачылык жарыялап жаткан.

2016-жылы жай айында аскердик төңкөрүш жасоо аракети болуп, 249 киши каза таап, эки миңге чукулу жаракат алган эле.

Өлкө Президенти Режеп Тайип Эрдоган мунун артында белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен турат деп күнөөлөгөн. АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүлен бул окуяларга катыштыгы бар делген айыптоолорду кескин четке кагып, төңкөрүш аракетине баргандарды ачык сынга алган. Ага карбай Түркия Фетхуллах Гүленди террордук уюмдун лидери атап, мекенине экстрадициялоо талабын билдирип келет.

Төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги масштабдуу тазалоолорду жүргүзүп, ал азырга чейин уланууда. 40 миңге чукул киши камакка алынып, 120 миңдейи жумушунан бошотулган. Алардын арасында аскер адамдары, соттор, полиция кызматкерлери, жогорку окуу жайларда иштегендер, журналисттер кызматынан четтетилген. (AbA)

Тектеш темалар