Манчестер: каза тапкандар 22ге жетти, арасында балдар дагы бар

"Манчестер-аренадагы" теракт катары болжонуп жаткан жарылуудан каза тапкандар саны 22 кишиге жетти. Сүрөттүн автордук укугу PA

"Манчестер-аренадагы" теракт катары болжонуп жаткан жарылуудан каза тапкандар саны 22 кишиге жетти. Шаардык полициянын жетекчиси Иэн Хопкинс жарылуудан мерт кеткендер арасында балдар дагы бар экенин айтты.

Буга чейин 19 кишинин каза тапканы кабарланып жаткан. Жаракат алгандар 60 чукул киши. Полиция жардыргыч затты ишке ашырган киши өзү да каза болгон деп эсептейт.

"Иликтөөнүн азыркы баскычында чабуулду бир киши ишке ашырган деп болжоп жатабыз. Азыркы учурда эң маанилүүсү ал жалгыз болгонбу же кандайдыр бир террордук уюмдун мүчөсү болгонбу дегенди аныктоо зарыл»,-деди Хопкинс.

"Кол салган киши ошол жерде мерт болгонун тастыктайбыз. Ал өзү менен бирге колго жасалган жардыргычты алып келип, ишке киргизген»,-деп кошумчалады шаардык полициянын жетекчиси.

Иэн Хопкинс окуя болгон жерде кол салган кишинин сөөгү же жардыргыч заттын бөлүктөрү табылганбы деген суроого толук жооп берген жок. Жардырууну ишке ашырган кишинин улуту, жарандыгы тууралуу берилген суроого да жооп берүүдөн баш тартты.

Хопкинс шаар тургундарын сак болууга чакырды. Полиция ар кандай шектүү жагдайлар боюнча телефон чалууларды кабыл алуу үчүн «атайын байланыш» кызматын ишке киргизди.

Дүйшөмбүдө жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:35 чамасында Manchester Arena концерттик залында америкалык поп-ырчы Ариана Гранденин концерти жыйынтыкталып жаткан учурда жарылуу болгон. Полиция жарылуунун теракт катары иликтөөгө алууда.

Ариана Гранде 23 жаштагы америкалык поп-жылдыз. Ѳзгөчө өспүрүмдөр жана балдар арасында абдан популярдуу. Ал өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына жардыруу жана курмандыктар боюнча кабалар аны «катуу кайгыга салганын» жазды.

Британиядагы ири саясый партиялар жардыруудан кийин шайлоо алдындагы өнөктүктөрүн токтотушту.

Эгерде тергөө "Манчестер-аренадагы" окуяны террордук кол салуу болгон деп аныктап чыкса, анда бул 2005-жылы июлда болгон Лондондогу жардыруудан кийинки эң кандуу теракт болуп калмакчы.

Бүгүн премьер-министр Тереза Мэй өкмөттүн комитеттик жыйынын өткөрөт деп күтүлүүдө. Анда жардырууга байланыштуу иликтөө иштери жана коопсуздук чаралары боюнча талкууланат.

Тектеш темалар