Индонезияда эки кумсага эл алдында балак чабылды

Индонезияда эки кумсага эл алдында балак чабылды Сүрөттүн автордук укугу JUNAIDI

Индонезиянын Ачех провинциясында гомосексуалдык мамилеси үчүн соттолгон эки кишини эл алдын алып чыгып, балак чабышты. Алардын ар бирине 85тен балак чабылган.

Жазага тартылгандардын ысымдары айтылган жок. Белгилүү болгондой алардын бири 20 жашта, экинчиси 23 жашта. Гомосексуализм Индонезиянын ислам шарияттары менен жашаган Ачех провинциясынан башка жеринде мыйзам бузуу катары эсептелбейт.

Провинцияда гомосексуалдык мамилеси үчүн эл алдында балак чаап, жазалоо биринчи жолу болду. Бул провинциянын административдик борбору эсептелген Банда-Ачех шаарындагы мечиттин жанындагы аянтта болгон. Ага көп сандагы тургундар күбө болушту.

Сүрөттүн автордук укугу JUNAIDI
Image caption Жазалоо провинциянын административдик борбору эсептелген Банда-Ачех шаарындагы мечиттин жанындагы аянтта болгон. Ага көп сандагы тургундар күбө болушту.

"Бул силерге сабак болсун",-деп кыйкырды жазалоого күбө болуп тургандардын бири. Айрымдар болсо шыргый менен катуураак сабоону талап кылышты.

Дүйшөмбүдө Индонезиянын полициясы Жакартада кумсалардын кечеси өтүп жаткан саунага жасалган рейд учурунда 140 чукул киши кармалганын билдирген. Кармалгандардын баары порнография боюнча мыйзамды бузган деп айыпталышууда. Айрымдарын сойкулук менен алектенген деген шек менен кармашкан.

Ребекка Хеншке, Би-би-си кабарчысы:

Эл алдында балак чабылып, жазалоо болоордон бир күн алдын абак жайында алардын бирөөсү менен жолугуштум. Мен алар менен сүйлөшүүгө уруксат берилген биринчи журналист элем. Ал абдан коркуп, калтырап турду. Өтө арык жана купкуу көрүндү. Аны менен сүйлөшүүгө аракет кылып баштаганымда эле абак жайындагылар бизди курчап алышты. Бизге өзүнчө сүйлөшүп ала турган жай беришет го дегем. Бирок андай болгон жок.

"Батыраак балак чаап, жазалоо бүтүп үй-бүлөмө кайтып баруудан башка менде каалоо жок. Мен аябай басмырландым",-деди ал.

Адеп-ахлак боюнча полиция өкүлдөрү эшикти бузуп кирип келгенде ал Медицина университетинин акыркы курсунун студенти эле. Бул окуядан кийин аны окуу жайдан чыгарып салышкан. Алар бир төшөктө жаткан жеринде тартылган тасма интернетке кеңири тарап кеткен. (AbA)

Тектеш темалар