Трамп Палестин автономиясынын лидери Аббас менен жолукту

Трамп менен Аббастын сүйлөшүүлөрү Вифлеемде өттү. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Трамп менен Аббастын сүйлөшүүлөрү Вифлеемде өттү.

АКШ президенти Дональд Трамп Израилдеги сапарынан кийин Палестинага келди.

Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас менен жолугушуусунда Израиль менен Палестина ортосундагы тынчтык келишимине жетүү үчүн колдон келгенин кылабыз деп убада берди Трамп. Ал ошондой эле Аббастын терроризм менен күрөшкө кол кабыш кылууга даярбыз деген тилектештигине ыраазычылык билдирди.

Израиль менен Палестина автономиясы ортосундагы түз сүйлөшүүлөрдүн токтоп турганына үч жылга аяк басты. Алдыдагы эң татаал маселе дал ушул израилдиктер менен палестиналыктардын түз сүйлөшүүлөрүн уюштуруу деди АКШ лидери.

Трамп менен Аббастын сүйлөшүүлөрү Вифлеемде өттү. Жолугушуунун алдында Трамп Вифлеемге кырдаалды жайгаруу жана тынчтыкка жетүү үмүтү менен келгенин айтты.

"Израилдиктер менен палестиналыктардын тынчтык келишмине жетүүсүнө салым кошом деп ниеттенем. Бул максатка жетүү үчүн колдон келгенин кылам",-деди Дональд Трамп.

Аббас тынчтык келишимине жетүү үчүн алар дагы иштешүүгө даяр экенин ишендирди. Трамп келерден алдын Газа тилкесинин батыш жээгинде иш сапарга каршылык билдирген наарзылык акциясы өттү.

Шейшембиде Дональд Трамп Жакынкы Чыгыш боюнча иш сапарын жыйынтыктайт. Бул анын президент катары чет жакка жасаган алгачкы иш сапары болду.

Дүйшөмбүдө Трамп Израилде болуп өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолуккан. Андан мурун Трамп АКШнын араб дүйнөсүндөгү негизги союздашы саналган Сауд Аравиясында болду.

Трамп буга чейин эле Жакынкы Чыгыш темасына бир нече ирет кайрылганы бар. Февраль айында Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен бирге өткөргөн басма сөз жыйынында, Вашингтон көп жылдардан бери жер талаш маселесинен улам жаңжалдашып келе жаткан Израиль менен Палестинанын ортосундагы тынчтык келишимине жетүү ниети бар деп билдирүү жасаган.

Эми палестин лидери Махмуд Аббас менен жолугушуусунда кайра эле ошол ишенимин айтып, Жакынкы Чыгышта тынчтык келишимин түзүүгө «абдан жакшы мүмкүнчүлүк» бар деди.

Тектеш темалар