Манчестердеги жардырууну «ИМ» тобу жоопкерчилигине алды

Кол салууга катыштыштыгы болушу мүмкүн деп 23 жаштагы шектүү камакка алынган. Сүрөттүн автордук укугу PETER BYRNE

Ѳздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топ Манчестердеги 22 кишинин өмүрүн алган жардырууну өз жоопкерчилигине алды. Бул тууралуу «ИМ» менен байланышы бар Amaq интернет сайты кабарлады.

Мунун алдында британ премьер-министри Тереза Мэй полицияга "Манчестер-аренадагы" жардырууну ишке ашырган кишинин өздүгү белгилүү экенин айткан болчу. Кол салууга катыштыгы болушу мүмкүн деп 23 жаштагы шектүү камакка алынган.

Дүйшөмбүдө жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:35 чамасында "Манчестер-аренадагы" концерттик залда америкалык поп-ырчы Ариана Гранденин концерти жыйынтыкталып жаткан учурда жарылуу болгон. 22 киши каза таап, 59 киши жаракат алды. Каза тапкандар арасында балдар дагы бар.

Тектеш темалар