Терроризмге шектүүнү Түркияга учкан каттамдан түшүрүп калышты

Британ полициясы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Британ полициясы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Лондондогу Станстед аэропортунан Түркияга учуп жаткан 37 жаштагы кишини полиция учактан түшүрүп калып, терроризм боюнча шектүү катары камакка алды.

Алдын ала маалыматтарга караганда шектүү Түркиядан Сирияны көздөй сапарын улантмак экен. Учурда Лондондун түндүгүндөгү эки даректе полиция тинтүү өткөрүүдө.

Полиция кармалган кишинин Манчестердеги жардырууга эч кандай тиешеси жок экенин айтты. Дүйшөмбүдө "Манчестер-аренада" америкалык поп-ырчы Ариана Гранденин концерти жыйынтыкталып жаткан учурда жарылуу болгон.

Андан 22 киши каза таап, 59 киши жаракат алганы белгилүү болду. Жардырууну өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган экстремисттик топ моюнуна алды.

Полиция жардырууну жанкечти ишке ашырганын кабарлаган. Бул Британиядагы соңку 10 жыл ичиндеги эң кандуу терактардын бири болуп калды. 2005-жылы Лондондо жардыруу болуп 50 киши каза тапкан эле.

Тектеш темалар