Манчестердеги жардырууга шектүү бир нече күн мурун Ливиядан келген

Манчестердеги жардырууга байланыштуу шаардын түштүк-батыш бөлүгүндө полиция рейд өткөрдү. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Манчестердеги жардырууга байланыштуу шаардын түштүк-батыш бөлүгүндө полиция рейд өткөрдү.

Би-би-сиге белгилүү болгондой Абеди кол салуудан алдыңкы күндөрдө Англияга чет өлкөдөн келген.

Жардыргыч затты өзү менен кошо жардырган деп шектелип жаткан Абедини Ливияга барып келген деп жазды Times басылмасы. Kлассташы ал үч апта мурун учуп кетип, жарылуудан бир нече күн алдын келгенин басылмага айтып берген.

Полиция жана атайын кызматтар ал "Ислам мамлекети» жана "Аль-Каида" экстремисттик топторунун Ливиядагы лагеринде даярдыктан өткөнбү же жокпу дегенди аныктоого аракет кылууда деп жазды Times.

Кечээ күнү "Манчестер Аренадагы" жардырууну өздөрүн "Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топ жоопкерчилигине алган эле.

Полициянын айтымында, Абеди Манчестерде төрөлгөн, анын ата-энесинин теги ливиялык болгон. Ал Манчестерде бир канча даректе жашаган экен. Анын ичинде Элстмор көчөсүндөгү ал жашаган үйдү полиция тинтүүгө алды.

Жардырууну ал жалгыз ишке ашырганбы же көмөк көрсөткөндөр болгонбу дегенге азырынча жооп жок. Манчестер түштүгүндөгү Чорлтон аймагында дагы бир 23 жаштагы шектүү кармалганы айтылган. Бирок ал боюнча эч кандай расмий маалымат айтылган жок.

Салман Абеди ливиялык качкындардын бүлөөсүндө төрөлүп, өскөн. Анын эки агасы жана эжеси бар. Салмандын жанында документи болгондуктан өздүгүн аныктоо кыйын деле болгон эмес. Кийин полиция маалыматтарды текшерип көрүп, жардырууда каза тапкан Саламан экенин ырастады.

Салман Абеди жөнүндө Манчестерде эмне дешет?

Бала кезинде Абеди жергиликтүү "Манчестер Юнайтед" футбол командасына күйөрман болгон. Манчестердеги араб коому Абединин атасы жана агасы аймактагы мечитке келгендердин көбүнө таанымал кишилер болушканын айтышты. Бирок бир нече убакыт мурун алар шаардан чыгып кетишкен экен.

Абединин бүлөсү Ливиядагы белгилүү жана таасирдүү уруудан чыккан. Бул уруунун өкүлдөрү азырынча журналисттер менен маектешүүдөн баш тартып жатышат.

Манчестерде мусулмандар саны жетиштүү деңгээлде эле деп айтса болот. Бирок алардын чоң бөлүгү арабдар эмес, Пакистандан келгендер. Алар Манчестердеги калктын 4 пайызын түзөт.

Бирок соңку эки жылда бул аймакта экстремизм боюнча айыптоо, чуулгандуу камакка алуулар болгон эмес. 2014-жылы 20 жаштагы Манчестер тургуну Абдуллах Ахмед Жама Фара теракт даярдаган деген шек менен кармалып, сот жообуна тартылган. Ал өзүнүн 19 жаштагы досун Сирияга жөнөтүүгө аракет кылып жүргөнү белгилүү болгон.

2013-жылы Фаранын аталаш агасы ушул эле шаарда жашаган Ахмед Ибрагим Халани Сомалиге кетип калып, ал жакта "Аль-Шабаб" радикалдуу тобуна кошулуп кеткен. (AbA)

Тектеш темалар