Тереза Мэй: Британияда теракт ыктымалдыгы бар

23-майда Тереза Мэй шаардык полициянын жетекчиси Иан Хопкинс менен теракт болгон жерге барды. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 23-майда Тереза Мэй шаардык полициянын жетекчиси Иан Хопкинс менен теракт болгон жерге барды.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй өлкөдөгү террордук коркунуч жогорку деңгээлде деп жарыялады. Бул алдыда дагы теракт болушу ыктымал дегенди билдирет.

Террордук коркунучтун деңгээли күч түзүмдөрүнүн, чалгын кызматынын, эксперттер, полция өкүлдөрү мүчө болгон Терроризмди анализдөө борбору тарабынын аныкталат.

"Алардын берген баасы боюнча чабуул коркунучу жөн эле кооптуу болуп эсептелип жаткан жок, кийинки кол салуу ыктымалдыгы бар»,-деп билдирди Тереза Мэй.

Анын айтмында Манчестердеги терактка катыштыгы бар өлкөдө өзүнчө топ болушу мүмкүндүгүн да четке какпоо керек. Эми шаарлардагы көчөлөрдү көзөмөлдөөгө армия дагы тартылат деди ал. Негизги объектилер, туристтик жайлар кошумча кайтарууга алынат.

Британияда террордук коркунуч жогорку деңгээлге чыккан учур эки жолу болгон. Биринчиси, 2006-жылы учакка суюк жардыргыч зат алып кирип жардыруу уюштурууну пландаган топ атайын кызмат тарабынан кармалганда. Экинчиси, 2007-жылы Лондондогу түнкү клубдардын бирин жардырууга аракет кылган киши изделип жатканда болгон. Кийин ал Глазгодогу аэропорттон кармалган.

Лондондун мэри Садик Хан дагы Манчестердеги кайгылуу окуядан кийин кайрылуу жасады. Ал лондондуктардын жана шаар конокторунун коопсуздугу үчүн баарын кылабыз деп айтты. Сабырдуу болуп, кандайдыр бир шектүү жагдай болсо полицияга кабар берүүгө чакырды.

Ал ошондой эле баш калаада шаршембиден тарта полиция менен аскер кызматкерлери биргеликте кайгуулга чыгарын кабарлады. (AbA)

Image caption Жардыруу болгон район

Тектеш темалар