Казакстан парламенти жарандыктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун карады

Казакстандын Мажилиси Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Казакстандын Мажилисиндеги пленардык жыйында «террордук кылмышка баргандарды жарандыктан ажыратууну» көздөгөн мыйзам долбоору биринчи окуудан жактырылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазууда.

Өлкөнүн Юстиция министри Марат Бекетаев мыйзам долбоору тууралуу журналисттерге түшүндүрмө берип жатып, жарандыктан ажыратуу өлкө сыртында жүрүп, экстремисттик кылмышка баргандарга багытталарын айткан.

"Башкача айтканда, аны жарандыктан ажыратуу менен Казакстанга кайтып келүү укугунан ажыратып жатабыз. Эгерде жаран Казакстанда жүргөн болсо, анда ага мындай жазаны колдонуу зарылдыгы жок дегенге мен деле макулмун",-деп Бекетаевдин айткандарын Sputnik агенттиги жазды.

Кылмыш кодексине кошумча киргизүү максаты менен сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда террордук кылмышка баргандар, конституциялык түзүмгө каршы чыккан, мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө каршы жасалган кылмыштарга баргандар жарандыктан ажыратылышы мүмкүндүгү каралган. Маселен, жикчилдик ишмердүүлүгү, экстремисттик топторду түзүү, жетектөө же анын ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча кылмышка баргандан жарандыктан ажыратылышы мүмкүн.

Мыйзам добоору сунушталгандан тарта эле ага каршы чыккандар саясый негизде колдонулбайбы деген кооптонуусун билдирип келет. Айталы, бийликке каршы сүйлөп койгондорго карата колдонулушу мүмкүн деген чочулоор дагы жок эмес.

Мыйзамга түшүндүрмө бергендер болсо, "мыйзам долбоорунда эч кандай саясат жок" экенин ишендирип, кеп "террордук ишмердүүлүк менен алектенип, Казакстанга келе албай жүрүп, бирок өлкөдө экстремисттик идеологияны жайылтып жаткандар жөнүндө" дейт.

Өткөн айда казак президенти Нурсултан Назарбаев орусиялык "Мир-24" телеканалына берген интервьюсунда экстремисттик, террордук топтордун катарында согушуп жүргөн казакстандыктарды жарандыктан ажыратуу боюнча маселеге кеңири токтолгон эле:

"Мындай чара зарыл болуп турат. "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун катарында 500дөн-600гө чейинки казакстандыктар согушуп жүрөт. Мурдагы советтер союзунун курамындагы өлкөлөрдөн 5 миңге чейин деп айтышат, балким андан көп. Булар кавказдыктар жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары. Биринчиден алар ал жакка кетпегендей чараларды көрүшүбүз керек. Биз ал жактан кайтып келгендери менен профилактикалык иштерди өткөрүп көрдүк, бирок бул анчейин эффективдүү эмес экен. Ошондуктан биз аларды кайтарып келбейбиз деп чечтик. Алар ал жакка барардан мурун Казакстанга кайтып келе албасын, жарандыгынан ажыратыларын билиши керек",-деген эле Назарбаев. (AbA)

Тектеш темалар