Манчестердеги жардыруу боюнча үч киши кармалды

Манчестердеги жардыруу боюнча үч киши кармалды Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Манчестердеги концерт учурунда болгон жардырууга байланыштуу иликтөөнүн жүрүшүндө дагы үч киши кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү полициядан билдиришти.

Ушуну менен жардырууга байланыштуу төрт киши камакка алдынды. Кармалгандардын бири жардырууну ишке ашырган деп болжонуп жаткан Салман Абединин агасы деп айтылууда. Мунун алдында жардырууга катыштыгы болушу мүмкүн деп Манчестердин түштүгүндөгү Чорлтон аймагынан 23 жаштагы шектүү кармалганы белгилүү болгон.

Дүйшөмбүдө жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:35 чамасында "Манчестер-аренадагы" концерттик залда америкалык поп-ырчы Ариана Гранденин концерти жыйынтыкталып жаткан учурда жарылуу болгон. 22 киши каза таап, 59 киши жаракат алды. Каза тапкандар арасында балдар дагы бар.

Кечээ күнү жардырууну өздөрүн "Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топ жоопкерчилигине алган эле. Манчестердин полициясы жардырууну ишке ашырган деп, 22 жаштагы жергиликтүү тургун Салман Абедиден шектенип жатат. Полициянын айтымында, Абеди Манчестерде төрөлгөн, анын ата-энесинин теги ливиялык болгон.

Image caption Жардыруу болгон район

Би-би-сиге белгилүү болгондой Абеди кол салуудан алдыңкы күндөрдө Англияга чет өлкөдөн келген. Times басылмасы аны Ливияга барып келген деп жазды.

Шаршембиде Британиянын премьер-министри Тереза Мэй өлкөдөгү террордук коркунуч жогорку деңгээлде деп жарыялады. Бул алдыда дагы теракт болушу ыктымал дегенди билдирет. Шаарлар көчөлөрүнө кайгуулга чыгууда, негизги объектилерди, туристтик жайларды кайтарууга алууда полицияга көмөк көрсөтүү үчүн 3800 аскер кызматкери тартылды. (AbA)

Тектеш темалар