Жакартадагы бекетте эки жолу жардыруу болду

полиция Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Жакартанын чыгышында болгон жарылуулардан индонезиялык полициянын үч офицери каза тапты. Кеминде онго чукул киши жаракат алганы айтылууда.

Эки жолу болгон жарылуу борбор калаанын чыгыш тарабындагы авто бекетте орун алып, жарылуулардын аралыгы бир нече минутаны түздү.

"Британиянын Манчестер аймагында жарылуу болду. Бизге коңшулаш Филиппинде болуп, "Ислам мамлекети" тобу Марави шаарында теракт уюштурду. Менин болжолумда бүгүнкү кол салуу дүйнөдөгү террордук толкундун бир бөлүгү",-деди Би-би-си менен интервьюсунда Индонезия полициясынын өкүлү Ирджен Сетьо Васисто.

Анын айтымында, жакынкы күндөрдө даярдалып жаткан теракт тууралуу полицияда маалымат бар. Бирок ал качан, каерде болорун расмийлер түшүндүрүп берген жок.

Окуянын күбөсү өзүн Эка деп тааныштырган тургун жарылуулар жер титирөө сыяктуу болгонун айтып берди:

"Денемдин баары дүркүрөп кетти. Абдан кубаттуу жана катуу жарылуулар болду",-деди ал.

Эл аралык тынчтыкты орнотуу институтунун аткаруучу директору Бапак Тауфик Андринин пикиринде Жакартадагы жардыруу полициядан өч алуу максатында болушу мүмкүн.

"Кол салуу авто бекетти күзөтүп турган полиция кызматкерлерине багытталган. А индонезиялык полиция менен исламчылар күрөшүп келе жатат",-деди серепчи.

Анын болжолунда кол салгандар өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ болушу мүмкүн.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар