Манчестердеги жардырууга шектүүнүн атасы үн катты

Рамадан Абеди Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Рамадан Абеди уулу бул кол салууга тиешеси жок экенине ишене турганын билдирген.

"Манчестер-аренадагы" жардырууга шектелип жаткан Салман Абединин атасы жана агасы Ливияда кармалды. Бир күн мурун дагы бир агасы Манчестерде камакка алынган.

Жардырууну ишке ашырган жанкечти Салман Абеди болгон деп болжонуп жатат. Шектүүнүн атасы Рамадан Абеди уулу бул кол салууга тиешеси жок экенине ишене турганын Рейтер агенттигине берген маегинде билдирген. Рамадан Абедиге уулу Манчестерге барары тууралуу айткан эмес экен.

"Ал умрага (Меккеге зыярат кылуу, кичи ажылык) камынып жатканын айткан",-деген атасы Рейтер агенттигине.

Салман Абединин атасы атайын кызматтар жардыргыч зат болушу мүмкүн деп Манчестердеги үйүнүн эшигин талкалап киргени тууралуу да айтып берген.

"Башында табылды деп каңшаар да таратып жиберишти. Бирок эч кандай жардыргыч зат жок эле. Полициянын өзү дагы эч кандай жардыргыч заттар жок экени тууралуу билдирүү жасады. Муну биз баарыбыз уктук",-деген ал Рейтер агенттигине берген интервьюсунда.

Рамадан Абеди уулу эч кандай террордук топторго тиешеси жок экенине ишенет: "Мен ушундай деп билем, анткени биздин ортобузда сыр болгон эмес. Салман экөөбүздүн ортобузда кандай маселе болсо да ачык сүйлөшүү болгон".

Сүрөттүн автордук укугу UNKNOWN
Image caption Салман Абеди.

Болжолдуу жанкечти деп шектелип жаткан Салман Абединин атасы уулу бул кылмышка барбаганын жана анын айыпталышына "атайын кызматтын колу" бар деп эсептейт.

Жардыруу боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү катары кармалгандар саны жети кишиге жетти.

Дүйшөмбүдө жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:35 чамасында "Манчестер-аренадагы" концерттик залда америкалык поп-ырчы Ариана Гранденин концерти жыйынтыкталып жаткан учурда жарылуу болгон. 22 киши каза тапты, алардын 12си балдар, 64 киши жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Жардырууну өздөрүн "Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топ жоопкерчилигине алды.

Манчестердин полициясы жардырууну ишке ашырган деп, 22 жаштагы жергиликтүү тургун Салман Абедиден шектенип жатат. Полициянын айтымында, Абеди Манчестерде төрөлгөн, анын ата-энесинин теги ливиялык болгон.

Би-би-сиге белгилүү болгондой Абеди кол салуудан алдыңкы күндөрдө Англияга чет өлкөдөн келген. Times басылмасы аны Ливияга барып келген деп жазды.

Шаршембиде Британиянын премьер-министри Тереза Мэй өлкөдөгү террордук коркунуч жогорку деңгээлде деп жарыялады. Бул алдыда дагы теракт болушу ыктымал дегенди билдирет. Шаарлар көчөлөрүнө кайгуулга чыгууда, негизги объектилерди, туристтик жайларды кайтарууга алууда полицияга көмөк көрсөтүү үчүн 3800 аскер кызматкери тартылды.

Тектеш темалар