Бразилияда демонстранттар министрликтин имаратын өрттөдү

Демонстранттарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызган газ колдонду. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Демонстранттарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызган газ колдонду.

Бразилияда каршылык акциясына чыккандар Айыл чарба министрлигинин имаратынын ичине өрт коюп жана бир катар өкмөттүк мекемелерди зыянга учуратышты.

Өлкө бийлиги нааразылык акциясына чыккандар саны 35 миңдей киши деп кабарлады. Баш калааны полициянын атайын бөлүктөрү көзөмөлгө алууда.

Демонстранттар президент Мишел Темердин отставкасын, жаңы шайлоо өткөрүү жана пландалган экономикалык реформаларды жокко чыгарууну талап кылууда.

Өткөн аптада Темерге коррупция боюнча жаңы айыптоолор айтылды. Барган сайын анын дарегине айтылган сын-пикирлер өсүп, кызматтан кетүүсүн талап кылгандар көбөйүүдө.

Шаршембиде демонстранттар менен кагылышуу учурунда бир киши жаракат алып, бир нечеси кармалды. Каршылык акциясы тынч маанайда башталып, тездик менен башалмандыктар өөрчүп кеткен. Демонстранттарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызган газ колдонду.

Өткөн аптада өлкөнүн Жогорку соту президент Темер 2010-жылдан бери миллиондогон доллар пара алганы тууралуу көрсөтмө берген күбөнүн айткандарын жарыялаган. Айыптоолор бизнесмендер жана айрым фирмалардын өкүлдөрү тарабынан айтылган.

Президент отставкага кетүү ниети жоктугун жана жашыра турган эч нерсеси жок экенин билдирип чыкты. Мишел Темер мындан бир жыл мурун Дилма Руссефке импичмент жарыялангандан кийин өлкө башына келген эле.

Тектеш темалар