Британ полициясы Манчестердеги жардыруу боюнча маалыматтарын АКШ менен бөлүшпөйт

теракт боюнча шектелип кармалгандар саны сегиз кишиге жетти Сүрөттүн автордук укугу PA
Image caption Tеракт боюнча шектелип кармалгандар саны сегиз кишиге жетти

Британ полициясы Манчестердеги жардыруу боюнча иликтөө жүрүшүндөгү маалыматтарын мындан ары АКШнын укук оргоо органдары менен бөлүшпөй турганы Би-би-сиге белгилүү болду.

Би-би-синин өздүк булактарынын айтымында, мындай кадамга барууга америкалык маалымат каражаттарына тергөө маалыматтарынын чыгып кетиши себеп болгон.

Шаршембиде америкалык New York Times басылмасы жардыруу болгон жердеги далил буюмдардын сүрөтүн жарыялап жиберген. Ошондой эле жардырууну ишке ашырышы мүмкүн деп болжонуп жаткан жанкечтинин өздүгү тууралуу маалыматтар жардыруу болгондон 24 сааттан кийин эле америкалык маалымат каражаттарына чыгып кеткен.

Далил буюмдардын сүрөтүнүн жарыяланып кетиши Британиянын өкмөтүнүн ачуусун келтирди. Полиция бул сүрөттүн жарыяланышы иликтөө иштерине тескери таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт. Сүрөттө айрылган рюкзактын бөлүктөрү, гайка, болт жана болжолу "детонатор" болушу мүмкүн деген тетик болгон.

Британиянын Ички иштер министри Эмбер Радд маалыматтын ачыкка чыгып кетишине "кыжырданганын" айтып, "мындай кайталанбашы керек" деп Вашингтонго эскертүү бергенин айтты.

Британиянын премьер-министри бул суроону АКШ президенти менен Брюсселде жолугушуу учурунда көтөрөт деп күтүлүп жатат. Брюсселде бейшембиде НАТО жыйыны өтөт.

Би-би-синин коопсуздук маселеси боюнча баяндамачысы Гордона Кореранын эсебинде, британ бийлиги маалыматтын чыгып кетишине Ак үйдү же Трампты эмес, АКШнын укук коргоо органдарын күнөөлөп жатат.

Ал ортодо теракт боюнча шектелип кармалгандар саны сегиз кишиге жетти.

Дүйшөмбүдө жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:35 чамасында "Манчестер-аренадагы" концерттик залда америкалык поп-ырчы Ариана Гранденин концерти жыйынтыкталып жаткан учурда жарылуу болгон. 22 киши каза тапты, алардын 12си балдар, 64 киши жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Дагы тогуз киши дайынсыз болуп жатат.

Жардырууну өздөрүн "Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топ жоопкерчилигине алды. Тергөөчүлөр теракт кылмыштуу топ тарабынан уюштурлуган деп эсептөөдө.

Тектеш темалар