АКШнын аскер кемеси Кытай көзөмөлдөгөн аралга жакындоодо

Кытай Спратли архипелагындагы аралды жасалма түрдө көбөйтүп, ага аскердик инфраструктурасын жайгаштырып жатат. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Кытай Спратли архипелагындагы аралды жасалма түрдө көбөйтүп, ага аскердик инфраструктурасын куруп жатат.

Американын Аскер-деңиз күчтөрүнө таандык кеме Түштүк-Кытай деңизиндеги Спратли аралына жакындады. Бул аралды Кытай өзүнүн ээлиги деп эсептеп келүүдө.

АКШ президенти Дональд Трамп кызматына киришкенден кийин, Вашингтон бул аймакка ээлик кылуу боюнча Пекиндин дооматын кабыл албай турганын билдирген.

Америкалык басылмалардагы маалыматка караганда ракета ташыган "Дьюи" эсминеци беш өлкөнүн ортосундагы талаштуу Спратли архипелагындагы аралга 22 чакырымдай сүзүп келген. Кытайдан сырткары аралдын бөлүктөрүн Вьетнам, Малайзия, Филиппин жана Бруней, Тайвань талашып жүрөт.

Атын жашырган америкалык чиновниктердин маалыматына караганда, жогорудагы операция "Навигация эркиндиги" стратегиясынын алкагында өтүүдө. Буга башынан эле майда аралдарды өзүнүн ээлигинде деп эсептеген Кытай каршы болуп келе жатат.

Кытайлык аскер кемелери "Дьюи" эсминецине аралдын аймагынан тез чыгып кетүү боюнча эскертүүлөрдү берген. Бул тууралуу Кытайдын Коргоо министрлигинин өкүлү билдирди. Анын айтымында, Пекин бул окуяга байланыштуу Вашингтонго нааразылыгын билдирип, мындай аракет Түштүк-Кытай деңизиндеги тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыздабай турганын айткан.

"Дьюи" эсминецинин жүрүшү америка-кытай мамилесине таасирин тийгизиши мүмкүн. Өзгөчө бул жагдай Түндүк Кореянын өзөктүк курал боюнча маселесин чечүүдө Трамптын администрациясы Пекин менен кызматташуу жолдорун издеп жаткан учурда орун алды.

Май айынын башында Чыгыш-Кытай деңизинин үстүнөн кытайлык эки Су-30 учагы америкалык аскер учагын колго түшүрүп алган. Вашингтон америкалык WC-135 Constant Phoenix учагынын негизиги тапшырмасы атмосферадагы радиоактивдүү бөлүкчөлөрдү аныктоо болгон деп билдирип, бул пландалган учуу болгон жана учак кармалган учурда эл аралык аба мейкиндигинде экенин айтып чыккан. Кытай аскерлеринин аракетин АКШ "тажрыйбасыздык" кылды деп сынга алган.

Маселенин тарыхы

Кытай Түштүк-Кытай деңизине дээрлик ээлик кылууга умтулуп келет. Анын ичинде башка өлкөлөр өзүнүкү деп эсептеген майда аралдар дагы бар. Ал эми АКШ болсо эл аралык суулардын баарында операция өткөрө аларын талап кылып келүүдө.

Пекин жана Вашингтон буга чейин Түштүк-Кытай деңизиндеги аскер күчтөрү боюнча бири-бирине айыптоолорду жолдошкон. Соңку жылдары Кытай Спратли архипелагындагы аралды жасалма түрдө көбөйтүп, ага аскердик инфраструктурасын куруп жатат.

Өткөн жылдын этегинде америкалык стратегиялык жана эл аралык иликтөө борборунун эксперттери спутниктен алынган сүрөттөрдөн жасалма аралдарда ракеталык коргонуу системасынын белгилери бар экенин байкашкан.

АКШ стратегиялык деңиздерде сүзүп өтүү багыттарын чектеп жатат деп Кытайды бир нече ирет күнөөлөдү. Акыркы жылдары Вашингтон Кытай, Малайзия, Филиппин, Тайван жана Вьетнамга карата "Навигация эркиндиги" деген операция өткөрүп келүүдө.

Муну менен Вашингтон эч кандай аймактык талаштарга катышпай турганын эскертип, бирок аралдардан турган аймакта сүзүү багыттарында чектөө болуп, эркин сүзүп өтүү боюнча укуктар бузулса аскер кемесин жөнөтөрүн билдирген.

Гаага соту

Гаагадагы эл аралык соту өткөн жылдын июль айында Түштүк-Кытай деңизин пайдалануу боюнча Кытай эч кандай приоритеттүү укуктарга ээ эмес деген чечим чыгарган.

Арбитраждык сотко 2013-жылы январь айында Филиппин өлкөсү кайрылып, Кытайдын аракети эл аралык укуктарды бузуп жатат деп доомат койгон.

Пекин болсо талаштуу аралды өзүнүн экономикалык аймагы деп эсептеп, кытай эли эки миң жылдан ашуун убакыттан бери колдонуп келгенин айтып келүүдө. Гаага соту өз чечиминде БУУнун конвенциясындагы жоболорго таянган.

Соңку жолу АКШнын аскер-деңиз күчтөрү Спратли архипелагындагы аралга Барак Обаманын учурунда, өткөн жылдын октябрь айында келген.

Өткөн жылы жай айында Гаага соту арал боюнча дооматтарды карап жатканда АКШ тарабынан аскер кемесинин жөнөтүлүшү Пекиндин кескин реакциясын жараткан эле. Ал учурда Кытайдын аскер-деңиз күчтөрү талаштуу аралдарга жакын жерде машыгуу өткөрүп жаткан.

2016-жылдын башында Кытай Спратли архипелагындагы аралдан аскер учактарын учура баштады. Спратли архипелагындагы аралда кишилер жашабайт. Бирок аскердик аэродром курулуган.

Тектеш темалар