ММК: Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер ФБРдин көзөмөлүндө

Трамп менен анын күйөө баласы жана кеңешчиси Жаред Кушнер Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Трамп менен анын күйөө баласы жана кеңешчиси Жаред Кушнер

Президент Дональд Трамптын күйөө баласы жана кеңешчиси Жаред Кушнер ФБРдин тыкыр көзөмөлүнө алынганын америкалык маалымат агенттиктери жазышууда.

Трамптын өткөн жылкы шайлоодо жеңип чыгышына орусиялык чиновниктер таасир эткенби деген маалыматтарды учурда ФБР иликтеп жатат.

Иликтөөнүн башында 2001-2013-жылдары Федералдык коопсуздук бюросун жетектеген Роберт Мюллер турат.

Отуз алты жаштагы Жаред Кушнерде жогоруда айтылган иликтөөгө байланыштуу маанилүү маалымат болушу мүмкүн деп айтылууда.

Ал эми адвокат Жейми Горелик Кушнердин иликтөө иштери боюнча кызматташып, бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирди.

Washington Post маалымдагандай, атайын кызматтар Кушнер менен орусиялык элчи Сергей Кисляктын жолугушуусу боюнча толук маалыматтарды алууга кызыкдар болууда.

Учурда ФБРден тышкары АКШ Сенатынын чалгын комитетинде дагы Трамптын шайлоо штабы менен орусиялыктардын алакалары болгонбу деген суроолор берилүүдө. Кушнер аталган комитетте чыгып сүйлөөгө жана Орусия менен алакасы тууралуу айтып берүүгө макулдугун берди.

Март айында Кушнер жана Майкл Флинн Нью-Йорктогу Trump Tower имаратында Сергей Кисляк менен жолугушканы тууралуу маалыматтар тарап кеткен. Акүй бул жолугушууну тастыктаган болчу.

Америкалык Чалгын кызматы Орусия шайлоо жарышында Трампка жардам берүү үчүн демократтардын талапкери Хиллари Клинтонду кибер чабуулдар менен жаманатты кылууга аракет кылган деп билдирген болчу. Дал ушундай айыптоолор менен АКШ өлкөдөн 35 орусиялык дипломатты чыгарып жиберген эле.

Орусия бийликтери АКШдагы шайлоонун жыйынтыгына таасир бергидей эч кандай иш кылышпаганын билдирип келатат. Трамп дагы өз кезегинде Москва менен эч кандай байланышта болбогонун айтууда.

Тектеш темалар