Учакта тамеки тарткан киши тогуз жылга кесилди

Бирмингемден Шарм-эш-Шейх курорт шаарына бараткан учактын командири SOS сигналын берген Сүрөттүн автордук укугу MOHAMMED ABED/AFP/Getty Images
Image caption Бирмингемден Шарм-эш-Шейх курорт шаарына бараткан учактын командири SOS сигналын берген

2015-жылы британиялык Жон Кокс учактын дааратканасында тамеки тартып, андан улам бортто өрт чыккан. Аны бул кылган иши боюнча башында 4,5 жылга эркинен ажыратышкан, бирок бул мөөнөт дагы узартылды.

Апелляциялык сот прокурордун өтүнүчүнө макул болуп, Кокско коюлган алгачкы айыптоолор жеңил болгонун белгиледи. Ошону эске алып, судья Коксту 9,5 жылга абак жазасына кести.

2015-жылы Бирмингемден Египеттеги Шарм-эш-Шейх курорт шаарына бараткан учактын командири SOS сигналын берип, өзүнө жакын болгон аэропортко конууга мажбур болгонун билдирген.

Ага учакта чыккан өрт себеп болгон. Жүргүнчү Жон Кокс спирттик ичимдик ичип, андан кийин учак дааратканасында тамеки чеккендиктен, өрт чыккан.

Учак бул учурда эки жүздөн ашык жүргүнчүсү менен он миң метр бийиктикте, Египеттин 160 км алыстыкта учуп бараткан.

Экипаж мүчөлөрү өрттү өчүрө албай жаткан учурда өрт өчүрүү кызматында иштеген бир жүргүнчү келип жардам берип, натыйжада учак жерге ийгиликтүү конгон.

Жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери учак башкарып келаткан капитан өзүнүн иш тарыхында мындай окуяга туш болбогонун билдирген.

Январь айында Бирмингемде соттук иш болуп, анда Кокс өз күнөөсүн мойнуна алып, анын учакта жасаган аракети башкалардын да өмүрүнө коркунуч туудурган деген маалыматка “туура” деген жообун берген.

Кокстун жактоочулары соттук жараяндын жүрүшүндө жазаны жеңилдетүүнү суранып, Кокс ал учурда депрессияда болгонун, апасы каза болуп, үй-бүлөсүндө да көйгөй жаралганын билдирген.