"Чоң жетилик" саммитин баштады

Италияда "Чоң жетиликтин" саммити өтүүдө
Image caption Италияда "Чоң жетиликтин" саммити өтүүдө

Бүгүн Италияда "Чоң жетиликтин" саммити өтүүдө. Анда АКШ президенти Дональд Трамп, Британ өкмөт башчысы Тереза Мэй биринчи жолу катышат. Бир катар актуалдуу маселелер менен катар Британиядагы теракт окуясы сөзсүз козголот дешүүдө.

Италиянын Сициялиясында эки күндүк саммит башталууда. Ал Дональд Трамптын биринчи чет жерге сапарынын акыркы иш чарасы болот.

Саммитте Британ премьер-мнистри Тереза Мэй терроризм менен экстремизмди интернетте жайылтууга чара көрүү маселесин көтөрөт делген. Ошондой эле климат өзгөрүүсү каралмакчы. Мүчө өлкөнүн жетекчилери Дональд Трампты Париж келишиминен чыкпоого чакырары күтүлгөн эле.

Аэ эми Япония премьер министри Синдзо Абэ түндүк Кореянын коркунучун талкуулоо зарылдыгын белгилеген.

Бул жыйынга Тереза Мэй, Дональд Трамп өңдүү бир катар лидерлер биринчи жолу катышууда.

Сицилиядагы тарыхый Таормина шаарындагы саммит алдында Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск дүйнөлүк лидерлер арасындагы дипломатия маселесине токтолгон:

"Биз Таорминада "Чоң жетиликте" дүйнөлүк эң маанилүү окуяларды талкуулаганы жатабыз. Бул көп жылдардан берки чакырык таштаган саммит болорунда шек жок. Бүгүн жолугуп жаткан лидерлер айрым учурда көз караштары такыр дал келбейт. Бирок Евробиримдик катары милдетибиз "Чоң жетиликтин" биримдигин бардык тараптан колдоо"

Туск дүйнөдө Сириядагы согуш, Украина маселесинен тарта Түндүк Кореянын өзөктүк курал, Туштүк-Кытай деңизиндеги жер маселесине чейин бир катар коркунуч турганын белгилеп, бул үчүн баары бирикпесе, кырдаал чындап колдон чыгып кетиши мүмкүн экенин белгиледи

Чоң жетиликке дүйнөнүн ири экономикалык мамлекеттери болгон АКШ, Британия, Германия, Италия, Япония, Франция, Канада кирет.

Тектеш темалар