Меркель: Европа мындан ары АКШ менен Британияга ишеним арта албайт

Меркель. Сүрөттүн автордук укугу SVEN HOPPE
Image caption "Биз башкаларга ишеним арткан мезгилдер өтүп баратат. Мен муну акыркы күндөрү өзүмдөн улам сезип жатам",-деди Мюнхендеги шайлоо алдында өткөн митингде Меркель.

Улуу Британиядагы "брекситтен" кийин жана АКШда Дональд Трамп президент болуп шайлангандан кийин Европа мындан ары бул өлкөлөргө "түздөн-түз көз каранды боло албайт" деп билдирди Германиянын канцлери Ангела Меркель.

Меркелдин айтымында, бул эки өлкө менен тең, ошондой эле Орусия менен достук мамиледе болууну каалайт. Бирок мындан аркы келечеги үчүн Европа өзү күрөшүүсү керек дейт Меркель.

Канцлер мындай билдирүүсүн "Чоң жетинин" саммитинде лидерлер глобалдык жылуулук боюнча бир пикирге келе албай койгондон кийин жасады. Тагырагы 2015-жылы Парижде климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү боюнча жетишилеген келишим боюнча консенсус таба алышкан жок. Меркель бул сүйлөшүүлөрдү абдан оор болду деди.

Президент Трамп Париж келишиминин тагдыры боюнча чечимди кийинки аптада кабыл ала турганын айтты.

"Биз башкаларга ишеним арткан мезгилдер өтүп баратат. Мен муну акыркы күндөрү өзүмдөн улам сезип жатам",-деди Мюнхендеги шайлоо алдында өткөн митингде Меркель.

Ангела Меркель учурда Франциянын жаңы президенти Эммануэл Макрон менен мамиле түзүү Берлин үчүн приоритет деп айтты.

Германиядагы коомдук сурамжылоого ылайык Маркель сентябрдагы жалпы шайлоодо төртүнчү мөөнөткө кайра шайланып келиши мүмкүн.

Дэмиен Макгиннесс, Би-би-си, Берлин

Балким иштин баары сырада же кренделде же чогулгандардын көңүлүн ачуу үчүн ойнолуп жаткан оркестрде болбосун. Бирок Ангела Меркелдин кайрылуусу күтүлбөгөндөй эмоционалдуу жана адаттан тыш түз, ачык айтылды. Анын кайрылуусунун маанисинен трамптык Америка жана "брексит" доорундагы Британия менен жакшы мамилени сактоо керектиги, бирок ошол эле учурда эми аларга "ишеним артууга" болбой турганын аңдоого болот.

Ал Европа өзүнүн тагдыры үчүн өзү күрөшүүсү керек деп айтканда чогулгандар катуу кол чабуу менен кабыл алышты. Анын өзүнө абдан ишенимдүү болушу таң калычтуу эмес. Франциянын жаңы шайланган президенти менен анын көз караштары төп келет. Эркин соода жана европалык баалуулуктар боюнча бирдей көз карашта. Европада франция-германия мотору кайра ишке кирди деген ишеним кайра жанданууда.

Германиядагы шайлоого чейин дагы төрт ай убакыт калганда Меркелдин позициясы мурдагыдан алда канча бекем болуп көрүндү. Болжолу ага Трамп дагы, "брексит" дагы жакпайт. Бирок Ангела Меркелдин Евробиримдикти чыңдоо боюнча ачык чыгып кайрылуу жасап, ошондой чечим кабыл алганы сентябрдагы шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгүн арттырууда. (AbA)

Тектеш темалар