Түндүк Корея кезектеги ракеталык сыноосун өткөрдү

Ракетанын кандай үлгүдө экени азыр тактала элек. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ракетанын кандай үлгүдө экени азыр тактала элек.

Түндүк Корея кезектеги ракета сыноосун өткөрдү. Бул тууралуу Түштүк Кореянын штаб жетекчилеринин бириккен комитети билдирүү таратты. Ракетанын кандай үлгүдө экени азыр тактала элек.

Түштүк кореялык "Рёнхап" агениттигинин маалыматы боюнча, бул окуядан кийин өлкө президенти Мун Чжэ Ин Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынын чакырды.

Түштүк Кореянын штаб жетекчилеринин бириккен комитети белгисиз үлгүдөгү ракета КЭДРдин Вонсан аймагындагы жээктен атылганын айтты. Болжолу баллистикалык ракета болушу мүмкүн деп айтылып жатат.

Ракета Япониянын экономикалык аймагына барып түшкөн. Бул тууралуу дүйшөмбүдө япон өкмөтүнүн башкы катчысы Ёсихидэ Суга басма сөз жыйынында кабарлады.

"Япониялык учактардын жана кемелердин коопсуздугун камсыздоо зарыл. Ушул сааттарга япониялык деңиз жана аба кемелерине зыяны тийген учур катталган жок",-деди Суга.

Япония КЭДРдин бул аракетине чечкиндүү каршылыгын билдирип, бул БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын ачыктан ачык бузуу деди.

Ак үйдөгү кабарларга караганда АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын аракети боюнча кабардар.

"АКШ өкмөтү кабардар. Президентке маалымат берилди",-деди журналисттерге Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү.

Апрелден тарта КЭДР ракета сыноолорун кескин көбөйттү. 16-апрелде Пхеньян баллистикалык ракета сыноосун өткөрүп, анысы ийгиликсиз болуп калган эле. Ушундан кийин АКШ чөлкөмгө аскер кемелерин жана суу алдында сүзүүчү кемесин жөнөткөн.

Бул Пхеньяндын ачуусун келтирип, эгер сокку урса, "тыптыйпыл кыла турган сокку" менен жооп берем деп коркуткан.

15-майда БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга мындан кийин ракеталык сыноо өткөрүүдөн баш тартуу боюнча эскертүү берген.

"Түндүк Корея тез аранын ичинде өзөктүк куралдануудан баш тартканын конкреттүү иш аракеттери менен жалпыга жарыя кылып көрсөтүшү маанилүү",-деп айтылган Коопсуздук кеңешинин резолюциясында.

21-майда Кореянын борбордук телеграф агенттиги КЭДР "АКШга сокку урууга жөндөмдүү" ракеталарын сыноодөн өткөрүүнү уланта берерин билдирген эле. (AbA)

Тектеш темалар