Шри-Ланкада суу ташкыны 150 кишинин өмүрүн алды

Шри-Ланкада соңку 14 жыл ичинде болбогон нөшөрлүү жамгыр жаап жатат. Метеорологдордун болжолунда жакынкы күндөрдө токтобойт. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Шри-Ланкада соңку 14 жыл ичинде болбогон нөшөрлүү жамгыр жаап жатат. Метеорологдордун болжолунда жакынкы күндөрдө токтобойт.

Шри-Ланкадагы суу ташкыны жана жер көчкү кырсыгы 151 кишинин өмүрүн алып, дагы 11 киши дайынсыз изделүүдө. Дээрлик жарым миллион тургун эвакуация болду.

Шри-Ланкада соңку 14 жыл ичинде болбогон нөшөрлүү жамгыр жаап жатат. Метеорологдордун болжолунда жакынкы күндөрдө токтобойт.

Эң көп зыян алып келген суу ташкындоо жана катуу шамал 2003-жылы болгон эле. Анда 250 киши каза таап, 10 миңдей турак-жай талкаланган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Куткаруучулар убактылуу токтой калган нөшөрдөн кийин жапа чеккен аймактарга жардам жеткирүүгө аракет кылып жатышат. Алар менен бирге аскерлер дагы тартылып, катер, тик учактар колдонулуп жатат.

Жергиликтүү Daily Mirror басылмасы кабарлагандай, Коломбого индиялык аскер-деңиз флотуна таандык экинчи кеме сүзүп келди. Мунун алдында ишемби күнү дагы бир аскер кемеси жетип келген.

Шри-Ланка табият кырсыгынын кесепеттерин жоюга жардам сурап, Бириккен улуттар уюмуна жана Түштүк Азия өлкөлөрүнө кайрылды. (AbA)

Тектеш темалар