МИ-5 манчестерлик террорчунун көзөмөлдөн чыгып кетиши боюнча иликтөө жүргүзөт

Салман Абеди Сүрөттүн автордук укугу GREATER MANCHESTER POLICE
Image caption Салман Абеди жардырууга чейин эле МИ-5 көзөмөлүндө болгон.

Британиянын коопсуздук кызматы МИ-5 манчестерлик жанкечти Салман Абединин үстүнөнөн жүргүзүлгөн көзөмөл боюнча иликтөө ишин баштады.

Абеди 22 кишинин өмүрүн алган "Манчестер-Арена" стадионундагы жардырууга айыпталып жатат. МИ-5 буга чейинки Абединин коркунучу бар деген эскертүүлөргө кандай чара көрүлгөнүн иликтейт жана министрликтерге, көзөмөл органдарына өзүнчө отчет даярдайт.

Британ өкмөтү жардырууга чейин эле коопсуздук кызматы Абеди тууралуу маалыматтарды иликтеп жүргөнүн моюнуна алды. МИ-5 анын экстремисттик көз карашы боюнча үч жолу эскертүү алган.

Би-би-сиге Абединин тааныштары мындан беш жыл мурун анын экстремизмди жана зомбулукту колдой турганы боюнча бийликке кабарланганы тууралуу айтып беришкен.

Буга чейин Манчестер полициясы 18-майга чейинки Абединин баскан-турганы боюнча кабары бар тургундардан маалымат сураган.

Бул күн Абеди Ливиядан Британияга келген күн. Ал Ливияда үч апта жүргөнү белгилүү болгон.

Абединин ата-энеси Ливиядан Муаммар Каддафинин режиминен качып келишкен. Лондондо бир нече жыл жашагандан кийин бул бүлөө Манчестерге көчүп келген. Абединин атасы менен апасы азыр Ливияга келишкен экен.

Жекшембиде Манчестердин түштүк-чыгыш районунда теракт боюнча дагы бир 19 жаштагы шектүү карамалды. Жалпысы болуп жардырууга шектелип 14 киши кармалды, анын ичинде Салман Абединин агасы дагы бар.

Тектеш темалар