Америкалык спецназ машыгуу учурунда каза тапты

учактан секирип жаткан аскер Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

АКШнын Куралдуу күчтөрүнө таандык атайын багыттагы бөлүктүн кызматкери жекшембиде көрсөтмө машыгуусу учурунда парашют толук ачылбай калып каза тапты.

Аскер кызматкерлери аскер-аба спортунун апталыгынын жүрүшүндө Нью-Жерси штатында тик учактан секирип жатышкан.

Элиталык Navy SEALs ("Деңиз мышыктары») атайын бөлүгүнүн бир аскери парашют толук ачылбай калып Гудзон дарыясына кулап түшкөн. Аны суудан абдан оор абалда алып чыгышып, ооруканага жеткиришкен. Ал жерде каза тапкан.

Каза тапкан аскердин өздүгү боюнча маалымат берилген жок. Аскер бөлүгүнүн жетекчилиги каза тапкан десанттын жакындарына көңүл айтты.

Аскер-аба спорту боюнча апталык АКШда жыл сайын өткөрүлүп келүүдө. Ага деңиз жөө аскерлери, десантчылар, жээк кайтаруу бөлүгүнүн аскерлери катышып, өздөрүнүн аскердик өнөрүн жана физикалык даярдыгын көрсөтүшөт.

Тектеш темалар