Эверестеги кычкылтек баллондорунун уурдалып жатышы

Кычкылтек баллондору менен альпинисттер Эвересттин чокусуна чыгып бара жатат. Сүрөттүн автордук укугу AFP/GETTY
Image caption Кычкылтек баллондору менен альпинисттер Эвересттин чокусуна чыгып бара жатат.

Ар кайсыл өлкөлөрдөн келген альпинисттер жана аларга жол көрсөткөн жергиликтүү шерпалар Эверест тоосундагы бийик тоолуу лагерлерден кычкылтек баллондорунун уурдалып жатканын айтып, кабатырлануусун билдирүүдө.

Алар мындай уурулук тоого чыккандардын өмүрүн тобокелге салып жатат деп айтууда. Анткени кычкылтектин запасы ар кимде чектелүү гана болот.

Кычкылтек баллондорунун уурдалганы тууралуу даттануулар альпинисттердин акыркы тобу аба-ырайынын жакшырышын күтүп, өздөрүнүн жүрүшүнүн соңку этабы - тоонун дал чокусун багынтууну көздөп турган учурларда айтыла баштады.

Эксперттердин айтымында, альпинисттер арасындагы тажрыйбасыздардын көп экени жана гиддердин квалификациясынын жоктугу кырдаалды андан бетер оордоштуруп жатат.

"Бийик жерде бул олуттуу көйгөйгө айланат»,-деди Би-би-сиге шерпалардын бири Нима Тенджи.

"Экспедиция катышуучуларынан мен ар дайым алардын кычкылтек баллондору жоголуп кеткени боюнча угуп жатам. Бул алардын өмүрүн коркунучка кептейт. Ѳзгөчө эгерде алар өздөрү менен алгандарын түгөтүп алып, бирок али тоонун чокусуна чыга элек болгон болсо же запаска алган кычкылтек баллондорун кайра кайтканда пайдаланам деген болсо, бул өтө кооптуу»,-деп кошумчалады ал.

Сүрөттүн автордук укугу DEVENDRA M SINGH
Image caption Катмандудагы япониялык альпинисттин колунда бош калган кычкылтек баллондору.

"Биздин белендеп алган кычкылтек баллондорунун дагы жетөө жоголуп кетти. Бул жолу Түштүк ээринде»,-деп жазды "Фейсбук" барагына альпинист Тим Моуздейл өткөн аптада.

Түштүк ээр - бул ашуу, ал жерде Эвересттин чокусуна чыга турган жолдогу акыркы лагерь жайгашып, деңиз деңгээлинен 7,9 миң метр бийиктикте жайгашкан.

Непалдын жол көрсөтүүчүлөр ассоциациясынын (NNMGA) маалыматына караганда тоого чыгуу үчүн альпинисттерге орточо алганда, ар бири төрт литрден турган жети кычкылтек баллону керектелет. Аба жетпеген жерде пайдалансаң бир баллон беш саатка жетет.

"Бул тенденцияга айланып баратат. Бул сыяктуу окуялардан улам альпинисттер көздөгөн жерине жетпей артка кайтууга мажбур болуп жатат. Анткени сиз өмүрүңүзгө маанилүү кычкылтек запасынын калбай калганын билсеңиз, болгон каалооңуз лагерге кайра кайтып келүү болуп калат»,-деди Непалдын тоолуу аймактардагы жол көрсөтүүчүлөр ассоциациясынын башкы катчысы Фурба Намгьял.

Эверестти багындырууну көздөгөндөр артка калтырып кеткен чатырларга уурулар кирип, кычкылтек запасын жана тамак-аш, аны даярдоого колдонулган от казанды уурдап кетип жатышат деди ал.

Шерпа Нами Тенджинин айтымында, мындай уурулуктан улам ал 2012-жылы өмүрүн тобокелге салып, өзүнүн кычкылтек запасын кардарына берүүгө аргасыз болгон экен.

"Бактыга жараша биз төмөндөгү лагерге аскалуу жерлер менен түшүп келүүгө үлгүргөнбүз»,-деди ал.

Аракетсиздик жана жазасыз калуу

Альпинисттердин кычкылтегин уурдаган бир дагы ууру кармалган эмес. Ошол эле учурда базалык лагерде уурдалган баллондорду сатуу кеңири жайылды дейт Нами Тенджи.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/getty
Image caption Альпинист үчүн тоону багындырууга уруксат алуу 11 миң долларга түшөт.

Эвересттеги базалык лагерь эки бөлүктөн турат. Түштүк лагерь Непалдын аймагында жайгашкан. Түндүк лагерь болсо Тибетте (Кытай).

Непалдык чиновниктер баллондордун уурдалып жатышы боюнча маселени жакшы билет. Буга чейин алар Эверестти багындыруу үчүн бараткандарга жергиликтүү шерпалардан жол көрсөткүч алып, ар бир альпинистте кычкылтек запасы жана азык-түлүк, дары-дармектин болушун милдеттендирип келген.

Өкмөттүн бошоң аракети ал жердеги жетекчилердин улам алмаша бергенинен деп түшүндүрдү Би-би-сиге өлкөнүн туризм министерлигинде иштеген чиновник.

Быйыл каза тапкандар көп болду

Быйылкы сезон башталгандан бери Эверестте он киши каза тапты. Непалдын бийлиги расмий түрдө беш кишинин өлүмүн тастыктаган. Бул өлүмдөрдүн кычкылтек баллондорунун уурдалышына байланышы бар жогу али белгисиз.

Өткөн жылы тоону багындырууга келгендердин бешөө каза тапканы белгилүү болгон. Альпинисттер үчүн эң көп курмандыктар болгон бул -2015-жыл болуп калды. Анда 24 киши каза таап, негизги себеби кар көчкү деп айтылган эле.

Альпинист үчүн тоону багындырууга уруксат алуу 11 миң долларга түшөт. Бул сезондо Непалдын өкмөтү 400 уруксат кагазын берди. 300 альпинист Жердеги эң бийик чокуну багынтууга үлгүрүштү. Калгандары болсо аба-ырайынын жакшырышын күтүп олтурушат. (AbA)

Тектеш темалар