КЭДР ракета сыноосу ийгиликтүү болгонун билдирди

Бул акыркы күндөрдөгү үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткан сыноо. Сүрөттүн автордук укугу AFP

Түндүк Кореянын бийлиги 29-майда өлкө аймагынан баллистикалык ракета атылганын ырастады. ЦТАК мамлекеттик агенттиги ракета Япон деңиз тараптан чыгышты көздөй коео берилип, белгиленген чекке жетти деп маалымат таратты.

Ошондой эле агенттиктеги маалыматта КЭДР лидери Ким Чен Ын сыноо өткөрүлгөндөн кийин стратегиялык куралдын кубаттуурак түрлөрүн иштеп чыгууну улантууга буйрук бергени айтылат.

Бул акыркы күндөрдөгү үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткан сыноо. Түштүк кореялык аскерлердин айтымында, бир баскычтуу ракета боожолу 450 чакырымдай учуп барып Япон деңизине түшкөн.

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши резолюциясы менен КЭДРдин баллистикалык ракета сыноосун өткөрүүгө тыюу салат. Бирок Пхеньян бул документти тааныбай, АКШнын агрессивдүү саясатынын фонунда коргонуусун чыңдоого укуктуу экенин жүйө тартып келүүдө.

Апрелде КЭДРдин Тышкы иштер министринин орун басары Хан Сонг-Рёль Би-би-сиге берген интервьюсунда эл аралык кысымга жана АКШ менен чыңалуу күчөп жатканына карабастан Түндүк Корея ракета сыноосун уланта берет деп билдирген.

"Биз көптөгөн ракеталык сыноолорду өткөрөбүз, бир апта сайын, айлык жана жылдык сыноолорду»,-деген Хан Сонг-Рёль.

Ал ортодо Түндүк Корея жаңы үлгүдөгү абадан коргонуу системасын дагы сыноодон өткөргөнүн жарыя кылды. Ким Чен Ын жаңы үлгүдөгү абадан коргонуу системасы «душмандардын абадагы үстөмдүгүнөн ажыратат» деп билдирүү жасаган. (AbA)

Тектеш темалар