Путин-Макрондун жолугушуусу: жыйынтык ачык эмес

Франциянын президенти Эммануэль Макрон орусиялык кесиптеши Владимир Путин Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Жакында эле президенттик жарыштан утуп чыккан Франциянын президенти Эммануэль Макрон шайлоо алдындагы өнөктүккө кийгилишүүгө аракет кылууда деп орус бийлигин айыптап келгенине карабастан, орусиялык кесиптеши Владимир Путинди Парижге чакырды.

300 жыл мурун орус падышасы Петр Биринчи Францияга келген. Бирок анын эмне максатта келгенин эч ким деле түшүнгөн эмес.

"Падыша тарабынан кабыл алынган бул сапардын чыныгы максатын билүүгө мүмкүн болбоду. Менимче анын максаты жөнөкөй эле бир нерсени билүүгө кызыгуу болсо керек",-деген падышалык делегацияны тааныштырган элчи француз королунун сарайында.

Толук үч кылым өткөндөн кийин Версалда орус падышасы Петр I арналган көргөзмөнү ачуу үчүн Францияга орус президенти келди. Бул иш сапар француз коомчулугуна эч кандай жаңы нерседен кабар бербейт. "Who is Mr Putin" деген суроо алар үчүн көптөн бери жабык.

Бирок Версалда Владимир Путин менен Франциянын жаңы президенти Эммануэль Макрон бири-бирин биринчи жолу баалоого аракет кылышты.

Биргелешип өткөргөн алгачкы басма сөз жыйынындагы жооптор ар башка болду. Версалдагы Трианон сарайында көп деле чыңалуу байкалган жок. Айталы, 2-майда Сочиде Владимир Путин Германиянын канцлери Ангела Меркелди кабыл алгандагыдай эмес эле. Анда лидерлердин өңүнө карап, сүйлөшүү абдан оор жана жыйынтыксыз болгонун болжоого эч кандай күмөн жок эле.

Эммануэль Макрон менен Владимир Путин дээрлик бири-бирин караган жок жана жүздөрүндө жылмаюу болгон жок. Француз президентинен айкөлдүк талап кылынды. Анткени эки ай мурун президенттик шайлоо өнөктүгүнүн алдында Владимир Путин Кремлде Макрондун негизги атаандашы "Элдик фронттун" лидери Марин Ле Пенди кабыл алган болчу. Кремлге жакын маалымат каражаттары Макронду сындаган макаларды жазышкан. Шайлоо өнөктүгү башталган учурда Макрондун командасы Орусияны хакердик чабуул үчүн айыптаган.

Балким орусиялыктар, балким андай эмес

Басма сөз жыйынында Ле Пен боюнча жана хакердик айыптоону эске салган бир нече суроолор болду. Владимир Путиндин айтымында бул темалар талкууланган эмес. Ле Пендин Москвага келишинен орус президенти адаттан тыш нерсени деле көрбөй турганын ("ал ар дайым эле келип турган") айтты.

Ал эми хакердик боюнча Франс пресс агенттигинин журналисти берген суроону Путин кайра суроо менен артка кайтарды:

"Мына сиз айтып жатасыз "балким кийгилишкен" деп. А балким андай эмес! Мындай нерселерге кантип комментирий бересиң?".

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Шайлоо өнөктүгүнүн алдында Владимир Путин Кремлде Макрондун негизги атаандашы Марин Ле Пенди кабыл алган болчу.

Ал эми Макрон болсо шайлоо штабына орусиялык Russia Today жана "Спутник" агенттиктеринин кабарчыларын киргизбей койгону боюнча жооп берди. Француз лидери булар өздөрүн журналист катары эмес, пропагандачы катары алып жүргөнүн айтты.

"Макрон үчүн бул - президенттик шайлоо өнөктүгү учурундагы аракети үчүн Путинди жумшак түзөп коюнун жолу.Француз саясаты боюнча өзүнүн анализинде орусиялык дипломатия адашып калды. Ишенбестик деңгээли жогору болуп, ал Путиндин имиджине тескери таасирин тийгизди. Путиндин мурунку кесибин жана анын адаттарын билип туруп, андан кечирим суроону күтүүнүн деле кереги жок. Бирок Москва Европа ага керек экенин көрсөтүшү керек",-дейт Франциядагы Эл аралык мамилелер боюнча институтта эмгектенген саясат таануучу Тома Гомар.

Макрон балким муну дипломатиялык жол менен колдонуп кетет. "Муну менен ал өткөндү унутпаганын, бирок Франциянын жана Орусиянын, Европанын жана Орусиянын мамилеси боюнча жаңы баракты жазуу зарыл экенин көрсөтүүнү көздөйт".

Татаал украин бийи

Соңку үч жылда Орусиянын сырткы саясатындагы маселе эки гана суроого -Украина менен Сирияга байланып келүүдө.

Орусия европалык санкциялардын алынышын каалайт болчу. Бирок Европа Украина чыгышындагы тынчтыкты орнотууга багытталган Минск келишимин аткарууну талап кылып, Москва болсо келишим украин тараптын үзгүлтүккө учуратканынан улам иштебей жатканын жүйө келтирүүдө.

Дүйшөмбүдө Украина маселеси боюнча Путинге караганда Макрон көбүрөөк сөз кылды деп мүнөздөсө болот. Француз лидери жакынкы күндөрдө Меркель менен байланышып, алар Путин менен биргеликте "Норманд төрттүгүнүн" кезектеги жыйынын чакыра турганын билдирди. Макрон "конфликт аймагында эмне болуп жатканын бардык төрт тарапка тең түшүндүрүү үчүн" лидерлер ЕККУнун докладын угууга ниеттенип жатышканын кабарлады.

Келишимдин экинчи редакциясы жазылгандан эки жылдан бери Донбасстагы кырдаал кантип эле түшүнүксүз болуп калсын? Дагы бир негизги суроо: Минск келишими менен "төрттүк" эмнени чечет жана ЕККУнун доклады дагы бир жолу алар иштебей жатканын көрсөткөн болсо?

"Украина маселеси биргеликте чечилет. Минск келишими бардык тараптан туңгуюкка кептелди. Бирок жаңы жүздөр бул жерде бирдеме ойлоп табышат. Макрон - сергек акылга жана күтүүсүз жол тапканга уста, митайым, көп кырдуу ойлонгон адам",-дейт орусиялык саясат таануучу Игорь Бунин.

Европалыктар Орусиядан кандайдыр бир кадамды күтүүдө. Орусия болсо "норманддык төрттүктүн" европалык бөлүгү Украинага кандайдыр бир шарттарды койот деп күтүп жатат. Ооба, эми орусиялык басылмалар Макронду "прагматик" дегенге артыкчылык берип жатат. Бирок мунун артында эмне жатканы азырынча белгисиз.

"Кандай гана бий болбосун ага жубу менен чыгуу керек,-дейт Бунин. -Эгер Орусия тараптан утурлай кадам ташталса, анда бий болот. Путин шайлоо алдында турат. Эмнеге кандайдыр бир аракет кылууга болбосун, жок эле дегенде кичине эле кыймыл жасоого. Эч кандай ялталык келишим, глобалдык сүйлөшүүлөр болбойт. Бирок түйүндү кесип эмес, аны чечип алууга аракет кылыш керек да. Көйгөй чечилбейт, бирок мамиле түзүүгө жол табылат. Азыркы кырдаалда тил табышуу керек".

Эгер бийге салыштурууну андан ары уласак, ал абдан тар бөлмөдө болуп жатат. Жаңы бий аянтына келүү боюнча келишимдер азырынча жок.

Басма сөз жыйынында Макрон Сирия боюнча бир нече ирет сөз кылып, эгер химиялык курал кайра колдонула турган болсо, "жооптук чараларды" көрөрүн убада кылды. Путин болсо терроризм менен күрөшүү сириялык бийликти кулатууга айланбашы керек деп айтты. (AbA)

Тектеш темалар