Багдаддагы жардыруудан он киши каза тапты

Кол салуу шийиттер көп жашаган Каррада районунда орун алды. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Кол салуу шийиттер көп жашаган Каррада районунда орун алды.

Ирактын баш калаасы Багдадда жанкечти унааны жардырып жиберип кеминде он киши каза тапканы айтылууда. Бир нече киши жаракат алган.

Кол салуу шийиттер көп жашаган Каррада районунда орун алды. Бул жердеги кафелердин бирине кишилердин көбү ооз ачууга чогулуп жатканда жардыруу болгон.

Жардыруунун жоопкерчилигин өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ моюнуна алды. Экстремисттик топ шийиттерге динден чыккан деп кол салууларды уюштуруп келүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Бул жердеги кафелердин бирине кишилердин көбү ооз ачууга чогулуп жатканда жардыруу болгон.

"ИМ" тобунун Багдадка кол салууларды уюштуруусу АКШ башында турган коалицияны колдоосу менен ирак армиясы Мосулду бошотуу үчүн аскер операциясын баштагандан кийин күчөп кетти.

Ыйык рамазан айы бул жылы 27-майда башталды. Бул айда мусулмандар 30 күн боюу орозо кармашат.

Тектеш темалар