Москвадагы бороондон каза тапкандар 14кө жетти

Москваны жана анын чет жакасын кучагына алган катуу шамалдын кесепети Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Москваны жана анын чет жакасын кучагына алган катуу шамалдын кесепетинен каза тапкандар саны 14кө жетти. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди. Москванын өзүндө 11 киши каза тапкан, ал эми облус аймагында 3 киши мерт болгон.

Мунун алдында Москванын Саламаттыкты сактоо департаменти 150 киши бороондун кесепетинен жаракат алганын билдирип, алардын 108и ооруканага жаткырылды деп кабарлаган эле. Жабыркагандардын көбү бети-башы көгөргөн, колу-буту сынган, баш сөөгүнөн жабыркагандар. Ошондой эле жүлүнүнөн травма алгандар дагы бар. Департаменттин жетекчиси Алексей Хрипундин айтымында жабыр тарткандардын жыйырмасы балдар.

Дүйшөмбүдө түштөн кийин Москваны катуу куюн каптаган. Жамгыр катуу шамал менен коштолду. Шамалдан дарактар кулап, металдан курулган курулуштар талкаланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамал 3500гө чукул даракты кулатып, 140 көп кабаттуу үйдүн жана административдик имараттардын чатырларын учуруп кеткенин маалымдады. 1500дөн ашуун унаа зыянга учураган.

Катуу шамал Москва, Рязан жана Тула облустарынын 300гө чукул калктуу конуштарын кыйсыпыр кылды. Көпчүлүк Москва тургундары бороон тууралуу эч кандай билдирүү алышпаганын айтууда. Бул бороон соңку жүз жылдыктагы катуу бороон болду деп айтылды. Бул сыяктуу табият кырсыгы баш калада 1998-жылы болуп тогуз киши каза тапкан. Ал эми 1904-жылдагы куюндун кесепетинен Москвада 100 киши мерт кеткен экен. (AbA)

Тектеш темалар