Финдер эмнеге предметтик окутуудан кетүүнү пландап жатышат?

Хаухо мектебинде окуучулар көбүнчө үйлөтүлгөн топтордун үстүндө отуруп окушат
Image caption Хаухо мектебинде окуучулар көбүнчө үйлөтүлгөн топтордун үстүндө отуруп окушат

Финляндия көптөн бери мектептеги билим берүүнүн жогорку сапаты менен таанылып, эл аралык рейтингдерде эң биринчи позицияларды ээлеп келатат. Эми өлкөдө салттуу предметтерден баш тартып, анын ордуна окуучулардын көндүмдөр менен жөндөмдүүлүктөрүн күчөтүп окуткан программага өтүү каралган реформаларды талкуулоо башталды. Бул идеянын жактоочулары көп эмес, ал мектептеги билим берүүнүн деңгээлин түшүрүп жиберет деген кооптонуулар да болууда.

Финляндиянын алыскы кыштактарынын биринде күндүн көзү үтүрөйгөн таңкы маал, ал эми сабактагы он эки жаштагы окуучулардын көңүлү таптакыр башка реалдуулукка - Байыркы Римдин тарыхына кадалган.

Image caption Бардык окуучулардын өздөрүнүн портативдүү компьютерлери бар

Мугалим класска видео көрсөтүп, Везувий вулканынын атылып чыгышы жана Помпейдин талкаланышы жөнүндө теманы өтүп жатат. Видео класстагы чоң интерактив дисплейде көрсөтүлүүдө.

Ал көрсөтүлүп бүткөндөн кийин окуучулар өздөрүнүн планшет компьютерлерин алып чыгып, кыскача эссе-дилбаян жазышат. Аларга берилген тапшырма: Байыркы Римдеги жашоо менен азыркы Финляндиянын жашоосун салыштыруу. Бир топ Римдеги мончолорду жана азыркы заманбап курортторду салыштырат, башкалары Колизей менен заманбап стадиондорду салыштырып көрүшөт.

Ушул жерде класста эле үч деңгээлдүү принтер турат, андан окуучулар Римдин имараттарынын миниатюралык моделдерин түзүп ойной алышат.

Тарых боюнча мындай интерактив сабактар азыркы салттуу сабактардан абдан эле айырмаланат, дейт Хауходогу жалпы билим берүүчү мектептин мугалими Алексис Стенхолм. Балдар бир эле учурда маданияттарды салыштыруу, коммуникация, илимий методология жана технология боюнча да билим алышат.

"Ар бир топ өздөрүнүн тармагы боюнча экспертке айланышат, андан кийин алардын изилдөөлөрү класстын талкуусуна коюлат",-дейт мугалим.

Финляндиядагы билим берүү реформасы

Image caption Бычуу жана тигүү сабагы окутуунун жаңы модели боюнча болуп жатат

Жыйырма жылдай убакыттан бери Финляндия билим берүүнүн сапаты боюнча эл аралык рейтингдерде эң алдыңкы орундарда келатат. Бул өлкө дүйнөдөгү эң мыкты билим берүү системасы менен сыймыктанат.

Финляндиянын 15 жаштагы окуучулары PISA сыяктуу билим сапатын баалаган эл аралык изилдөөлөрдө окуу, математика жана илим боюнча эң жогорку баллдарды алып келатышат

Окуучулар жети жаштан баштап окуган, мектепте көп убакыт кармабаган, каникулдары узакка созулган, үй тапшырмалары салыштырмалуу аз берилген, ал эми экзамендери жок фин мектептеринин ийгилиги дүйнөдөгү баштапкы жана орто билим берүүнүн эксперттерин дайыма таң калтырып келген.

Мындай ийгиликтерге карабастан, Финляндия өзүнүн билим берүү системасын дагы өркүндөтүп реформалону көздөп жатат, анткени санарип доорунда үйдөгү жана класстагы китептердин күчүнө таянуу жетишсиз дешет.

2016-жылы августта фин мектептери мурдакыга салыштырмалуу интерактив көп болгон ыкмаларга өтүштү: окуучулар өздөрүнө кызыктуу темаларды өздөрү тандаганга жана ошого жараша окуу курсун өздөрү түзүп алганга уруксат берилди.

Проблемага багыттап окутуу деп аталган окутуу моделинин максаты - балдарга 21-кылымда кереги тие турган көндүмдөрдү берүү болуп саналат,-дейт Хельсинки университетинин педагогикалык писхология профессору Кирсти Лонка.

Бул көндүмдөрдүн ичинен, анын айтымында, сынчыл ойлоо, жалганды чындан ажыратуу жана социалдык түйүндөрдө агрессияга каршы туруу жөндөмдөрү чоң мааниге ээ.

Антивирустук программаларды орното билүү жана принтерге кошулуу сыяктуу техникалык жөндөмдөр да маанилүү болуп саналат.

Image caption Фин мектебинде балдар байпакчан жүрүшөт жана мобилдүү телефондорду ээн-эркин пайдаланышат

"Мурда окутуу айрым бир предметтерди окуп үйрөнүү жана өтө көп сандагы фактыларды жаттап калуу эле, мисалы, грамматика менен арифметика,- ага коом таануу сыяктуу предметтер кошулчу",-дейт Кирсти Лонка.

"Бирок реалдуу турмушта биздин мээбиз башкача иштейт - биз ар бир предмет боюнча өзүнчө категорияда ой жүгүртпөйбүз, биздин ойлонуу ишмердигибиз синтетикалык же холистикалык мүнөздө болот. Ал эми азыркы дүйнөнүн глобалдык кризис, миграция, экономика сыяктуу көйгөйлөрүн эске алсак, көрсө, биз балдарыбызды жаңы интермаданияттуу дүйнөдө жашоого тарбиялабайт экенбиз".

"Эгер балдар кайсы бир сандагы фактыларды жаттап алышса, баары оңой болот, алар түшүнүктүү жана жөнөкөй дүйнөдө жашайт деп балдарга акыл айтуу олуттуу каталык болот деп эсептейм. Биз балдарды ойлонууга, түшүнүүгө окутушубуз керек - биздин системадагы эң маанилүүсү ушул. Бул окуучуларды ырахатка жана жашоонун бактылуу сезимине бөлөйт",-дейт Лонка.

Финляндия класстык бөлмөлөрдүн салтынан кетүүдө

Image caption Мектептик скейт-парк окуучулардын өздөрүнүн сунушу боюнча пайда болду. Балдар анын долбоорлоо ишине жана курулушуна активдүү катышты.

Хаухо жалпы билим берүү мектеби табияты кооз жерде, токой менен көлмөлөрдүн арасында, Хаминлинн шаарынан түндүк-батышка карай 40 км аралыкта жайгашкан.

Ал анчалык чоң мектеп эмес, анда болгону жети жаштан он беш жашка чейинки 230 бала окуйт.

Бул жердеги атмосфера - кудум үйдөгүдөй. Кирип бараткандла балдар бут кийимин чечип, байпакчан жүрөт. Кээ бир класстарда стул менен парталардын ордуна үйлөтүлгөн гимнастикалык шарлар турат, ал эми коридорлордо денени чыңдаганга брустар бар.

Мугалимдер класстарда смартфон колдонууга каршы эмес: окуучулар аны достору менен байланыш үчүн гана колдонбой, өздөрүнө керектүү маалыматты издеп тапканга үйрөнүшү керек дешет.

Image caption Хаухо мектебинин завучу Пекка Пааппанен реформалардын болушун жактайт

Кыштын бул суук күнү жогорку класстардын окуучулары чоң танапис учурунда өздөрүнүн телефондорунун экранынан баш көтөрбөй отурушат, ал эми кенже балдар кар жааганына карабай сыртта ойноп жүрүшөт.

Завуч Пекка Пааппанен - проблемаларга багыттап окутуу системасынын чоң жактоочусу, ал мектептин билим берүү программасына аны киргизүүнүн ар кандай жолдорун издеп жатат.

"Биз башка мугалиммдер менен ар кандай идеяларды талкуулайбыз, андан кийин мен аларга өзүнчө убакыт карап, жадыбалдан орун табам",-дейт ал. - Мен жаңы системанын алкагында окутуучулар мурдакыга караганда көп мүмкүнчүлүктөргө ээ болот деп ойлойм. Бирок баардык жагынан эмес. Биз эски салттардан баш тартып жатабыз, бирок баарын эле чанып жаткан жокпуз, биздин алдыбызда абдан татаал милдет турат, биз жаңылууга акыбыз жок".

Европанын реалдуу проблемалары - көңүлдө.

Иммиграция өткөн жылы өзгөчө мыйзамсыз мигранттар Батыш Европаны каптаган айларда эң чоң долбоорлордун бири болду.

Image caption Иммиграция темасы жөнүндө видео байланыш аркылуу Германия менен биргелешкен сабак өтүлдү

Алексис Стенхолмдун айтымында, бул теманын тандап алынган себеби, окуучулардын көбү эч качан же дээрлик эч качан мигранттар же иммиграция менен бет келген эмес. Ошондуктан бул тема немец тили жана дин боюнча сабактарга киргизилди.

15 жаштагы окуучулар шаардын көчөлөрдүндө сурамжылоо жүргүзүшүп, жергиликтүү жашоочулардын иммиграция жөнүндө пикирлерин билишти. Андан кийин мыйзамсыз мигранттар үчүн жакын жердеги борборго барып, анд Финляндиядан баш калка берилишин күтүп отурган адамдар менен жолугушуп сүйлөшүштү. Бул иштин натыйжалары Германиянын окуучулары менен биргеликте видео байланыш учурунда талкууланды.

"Биздин окуучулардын бул темага реакциясы абдан күчтүү болду, алар биринчи жолу көп маселелер боюнча олуттуу ойлонушту жана калыптанып калган пикирлердин тууралыгына арсар ойдо болуп калышты,-дейт Алексис. - Эгер биз адаттагыдай эле үч сабак менен чектелсек, анын натыйжасы такыр башкача болмок".

Бул метод канчалык эффективдүү?

Ырас, проблемага багыттап окутуу усулун мугалимдер бүт эле колдоп жатышкан жок. Мисалы, физика мугалими Юсси Тануанпаа мындай жол менен алынган билим жетиштүү деңгээлде терең болбойт, жогорку билим алууга даярданууга аны жетишсиз дейт.

Ал Туркудан алыс эмес жердеги Лието шаарында физиканы окутат. Анын айтымында, жогорку математика курсуна жазылган жогорку класстардын окуучуларынын 30 пайызына чейин төмөнкү деңгээлге өтүүгө аргасыз болушууда.

Image caption Ар башка класстагы жана ар башка курактагыларга сабак ар башка убакта башталат, ошондуктан мектепте топурап түртүшмөй жок.

Аны ошондой эле бул методдун жакшы жетишкен жана анча жетише албаган окуучулардын ортосунда ажырымды чоңойтуп жатканы тынчсыздандырат. Финляндияда бул ажырым мурда анчалык чоң эмес эле.

"Бул модель эң жөндөмдүү балдар үчүн жакшы, эксперимент учурунда эмнеге окуп үйрөнүп жатканын түшүнгөн балдар үчүн жакшы. Бул аларга окуу темпинде эркиндик берет, алар даяр болгонун сезгенде кийинки баскычка өздөрү өтө беришет",-дейт мугалим.

"Бирок анча жөндөмдүү эмес балдар дайыма эле баарын ажыратып түшүнө беришпейт, ошол себептүү мугалимдин дайыма колдоосуна муктаж. Эң жөндөмдүү балдар менен анча жетише албаган балдар ортосунда ажырым азыр эле чоң болуп баратат, мен бул келечекте дагы чоңоет деп корком",-дейт Юсси.

Башка окутуучулар болсо жаңы ыкмалар окуу жүгүн дагы көбөйтөт деп чочулашууда. Ал эми картаң мугалимдер оңтойсуз абалда болуп жатышат, анткени алар жаш кесиптештериндей компьютердик билимдерге жана көндүмдөргө ээ эмес.

Хельсинки университетинин педагогикалык факультетинин окутуучусу Яри Салминен буга окшогон усулдарды жүз жыл мурда деле сынап көрүшкөнүн, бирок ийгилик алып келбегенин айтат.

"Башка өлкөлөрдөн келген көптөгөн меймандар менден жакшы иштеп жаткан системаңарды эмнеге алмаштырып жатасыңар деп сурашат. Мен үчүн да бул табышмак, анткени мектеп деңгээлинде проблемага багыттап окутуу бүт жагынан жакшы деген маалыматтар жок",-дейт Салминен.

Смартборд менен микрокомпьютерлер климаттагы өзгөрүүлөрдү окуп үйрөнүүдө пайдаланылат.

Финляндиянын билим берүү боюнча агенттигинин кызматкери Аннели Раутайнен жаңы модель жалпы колдоого ээ эмес экенин билет. Анын айтымында, ал акырындык менен киргизилет: мектептерден жылына бир гана долбоор талап кылынууда.

"Биз мугалимдердин жаңы модель менен иштөөсүнө дем бергибиз келет, бирок аны жай баракат жүргүзөбүз. Предметтер менен баалар мектеп программасынан эч кайда кеткен жок, бирок биз окутуп жатканда көндүмдөргө ээ болуу максаты коюлушун каалайбыз",-деп чечмелейт ал оюн.

Айтмакчы, аталган усулдан кандай натыйжа бар:

"Биз азырынча статистикага кызыккан жокпуз, бирок жаңы усулдун натыйжалуулугу PISA сыяктуу эл аралык программаларда биздин балдардын жетишкендигинде көрүнөт деп үмүт кылабыз",-деди Аннели.

Фин мектептери башкалардан эмнеси менен айырмаланат?

  • Мугалимдин эмгегин коом сыйлайт жана жакшы төлөйт.
  • Мектеп инспекциялары сыяктуу мугалимдерди текшергендер жок.
  • Мектептик билим берүү борборлоштурулган, мектептердин көбү бюджеттен каржыланат.
  • Мектептеги окуу убактысы беш сааттан ашпайт, а жайкы каникулдар он аптага чейин созулат
  • Окуучуларга бааны аларды окуткан мугалим коет. Мамлекеттик экзаменди бир гана 18 жашка чейин окуган жогорку класстын окуучулары беришет.
  • Мектепте балдардын саны орточо алганда 195 окуучуга туура келет; класстардын орточо көлөмү - 19 окуучу.
  • Фин моделинин ийгилиги окутууну жана билим алуучулукту коомдун сыйлагандыгында, ошондой эле алардын этникалык бир түрдүү чакан калк экендигинде.
  • Финляндия соңку жылдары PISA программасы боюнча мурдакыдай жогорку көрсөткүчтөргө жетпей калууда.
  • Европанын башка өлкөлөрү сыяктуу эле, Финляндия дагы финансылык проблемалар жана иммигранттардын көбөйүшү сыяктуу көйгөйлөргө туш келүүдө.

Мектептеги билим берүүнү реформалоону баары эле колдоп жатпаганы менен, Хауходо окуучулардын көпчүлүгүнүн жана алардын ата-энелеринин ойлору жакшы.

14 жаштагы Сара азыраак чарчап калганын, ал эми окуу мурдакыдан кызыктуу болуп калганын айтууда. Ошол эле жаштагы Анна өзүнүн эжеси ушундай кызыктуу убакта окубаганын айтып суктанат дейт.

Image caption Мектепте азырынча сабакта дептер менен калемден баш тартуу жөнүндө ой жок.

Балдары жергиликтүү мектепте окуган Каиса Кепсунун айтымында, алар окуу программасындагы жаңылыктарды жакшы кабыл алышууда:

"Биздин арабызда балдарга мурдакыдай эле негизги фактыларды эстеп калуу керек деген темада талкуу болду, мен буга макулмун,-дейт ал. - Бирок ошол эле учурда алардын дүйнөгө болгон мотивациясын жана кызыгуусун көтөрүү да маанилүү. Мектеп ошондо кызыктуу болот деп эсептейм".

Британиянын билим берүү министрлигинин мектептер боюнча кеңешчиси Том Беннеттин айтымында, проблемага багыттап окутуунун (ПБО) кээ бир элементтери британдык мектептерде колдонулууда. Бирок анын масштабы Финляндияга жетпейт.

Бул жагынан жаңылануу болору да белгисиз, анткени окутуунун бул усулунун эффективдүүлүгүн көрсөткөн ишенимдүү жүйөөлөр али жок.

ПБО 2014-2016-жылдары 24 британдык мектепте 10-11 жаштагы окуучуларга эксперимент катары сыноодон өткөн.

Бул мектептердин көпчүлүгү эксперименттин аягына жетпей эле чыгып кетишти, анткени административдик колдоого жетиштүү ресурстары да болбой калды. Ошондуктан объективдүү натыйжаларын алуу мүмкүн болгон жок.

Бирок ПБО окуучулардын сабаттуулук деңгээлине же мектепке барып окуп жаткан учурунда анын мотивациясына оң таасирин бербегенин аныктоого мүмкүн болду.

Анткен менен көз карандысыз инспекторлор өздөрүнүн байкоолорунун жана мугалимдер менен окуучуларды сурамжылоонун негизинде бул усул коммуникациялык көндүмдөрдү жакшыртаарын, топ ичинде жана өз алдынча иштөө жөндөмүн жогорулатаарын байкашты.

Тектеш темалар