Орустун «Армата» танкынан НАТО чочулашы керекпи?

Жогорку автоматташтырылган «Армата» танкы совет доорундагы бронетехниканын ордун басууда. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Жогорку автоматташтырылган «Армата» танкы совет доорундагы бронетехниканын ордун басууда.

Оор аскердик техника жаатында Россиянын жетишкендиктери Норвегияны танктан коргонуунун азыркы системасын жаңыртууга түрттү. Россиялык жаңы Т-14 «Армата» танкында колдонулган активдүү коргонуу системасы (АКС) танктан коргонуу системасынын бүтүндөй бир мууну үчүн, атап айтканда, америкалыктар Норвегиянын армиясын жабдып жаткан «Джавелин» ракеталык комплекси үчүн коркунучтуу болууда.

Отставкадагы бригадир, Лондондогу Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун аналитиги Лен Барри Мына ушундай кооптонгон эскертүү берип жатат.

Анын айтымында, НАТОнун көп өлкөлөрү бул проблеманы жаңы гана түшүнүп баштады.

АКС азыркы танктан коргонуу куралдарынын эффективдүүлүгүн кыйла эле төмөндөтөт, ал эми батыштын аскер адистери бул коркунучту олуттуу талкуулаганга али кирише элек, дейт Барри.

Кээ бир өлкөлөр изилдөөлөрдү жүргүзүп, өздөрүнүн АКС менен жабдылган танктарын сынап жатышат, бирок алар «өздөрүнүн танкадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүнө келе турган кесепеттерди байкабай жатышкандай»,-деп баса белгилейт аскердик аналитик.

НАТОнун өлкөлөрүнүн ичинен Норвегия коркунучту биринчи болуп туйду. Ал жаңы коргонуу бюджетинде 24-42 млн доллар каражат карап, «Джавелин» ракетасын оор аскердик техникага каршы турууга кудуреттүү техникага алмаштырууну көздөп жатат.

"АКС системасын жеңе ала турган танктан коргонуу системасына зарылдык келип чыкты»,-деп айтылат Норвегиянын коргоо мекемесинин билдирүүсүндө.

Image caption АКС
  • 1.Душман танкты карай ок чыгарат
  • 2.Сенсорлор пайда болгон коркунучту каттоого алышат
  • 3.Издөөчү радар кесилишкен точкаларды табат
  • 4.Активдүү коргоо системасы контрчараларды көрөт
  • 5.Контр чаралар бутага алынган объектти жок кылат

АКС - бул басып кирүүчү жана коргонуучу технологиялардын эчактан берки келаткан мелдешиндеги кезектеги кадам болуп саналат. Ар кандай заманда булардын бир тарабы же экинчи тарабы үстөмдүк кылып келди. Качандыр бир убакта темирден зоот кийген рыцарь салгылашуу талаасында кожоюн болчу, бирок ок атуучу куралдардын жайылышы менен зоот кийген жоокердин күнү бүттү.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин согуш талаасын орто кылымдагы рыцарлар сыяктуу эле танктар бийлеп калды.

Албетте, ал танкты талкалап кое турган куралдар да чыкты. Эгер сизде оор снаряд же замбирек бар болсо, эң мыкты деген зоотту да тешип жардырып сала аласыз. Мына ушул жерде АКСтын жардамы керек.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин танктан коргонуунун жеңил, оңой көчүп жүргөн жаңы куралдары пайда болду.

Алар негизинен жөө аскер армиясы үчүн чыгарылгандыктан, анын массалык же баштапкы ылдамдыгы эмес, химиялык реакциясы маанилүү.

Бул куралдын боеголовкалары зоотко барып тийгенде кыпкызыл болуп ысып чыгат да, зоотту тешип кете турган күчкө ээ болот.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Танкадан коргонуу комплекстери менен көп өлкөлөрдүн армиялары куралданган.

Конструкторлор буга каршы туруунун ар кандай ыкмаларын ойлоп көрүшкөн. Алар снаряд келип тийгенде анын кубаты танкка каршы тарапка чачырай турган же соккунун мизин майтара турган реактивдүү панелдерди жасап чыгышкан. Же болбосо, танкты көп кабаттуу зоот менен коргоп, снаряд танктын ичинде эмес анын сыртында жарылгандай кылышкан.

АКС бул жолдогу таптакыр жаңы метод болуп калды. Бул чындыгында танктар үчүн түзүлгөн өзүнчө ракетадан коргонуу системасы болуп калды. Анын танктардан коргонуу ракеталарынын соккуларынын алдын ала турган радарлары жана ага тоскоолдук кыла турган заряддары болот.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Израилдин "Меркава" танктары өзүнчө АКС системалары менен жабдылган.

Бул тармакта израилдик конструкторлор лидер болуп саналат. Алар иштеп чыккан система Газадагы соңку куралдуу кагылыш учурунда «Меркава» танктарында ийгиликтүү колдонулган.

Азыркы учурда америкалыктар израилдик «Трофи» системасын изилдеп көрүп жатышат. Бул системага Улуу Британия да кызыгып баштады. Ал эми Нидерландынын куралдуу күчтөрү өздөрүнүн бронтранспортерун Израилде иштелип чыккан системалар менен жабдып чыгууну чечишти.

Бронтехниканы АКС системалары менен жабдуунун максаты аны ар кандай куралдардан коргоп калууда турат. Анын ичинде россиялык же кытайлык өндүрүштөгү РПГдан баштап россиялык «Корвет» сыяктуу танкадан коргоочу эң жогорку ракеталык куралдар бар.

IISS мекемесиндеги Бен Барри өз кезегинде россиялык АКС технологияларына НАТОнун танктан коргонуу жагындагы көп системалары чыдабайт деп жатат.

Норвегия бул коркунучка каршы туруунун чарасын көрүүгө киришти, эми НАТОдогу баш өлкөлөр да анын жолун жолдошу керек.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар