Усманов-Навальный: сот ишиндеги сандар

Сотто Навальный Усмановдун кызыкчылыгын коргоп жаткан белгилүү адвокат Генрих Падва менен селфи кылып жатат. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Сотто Навальный Усмановдун кызыкчылыгын коргоп жаткан белгилүү адвокат Генрих Падва менен селфи кылып жатат.

Москванын Люблинский райондук соту 30-майдан тарта миллиардер Алишер Усмановдун оппозиционер Алексей Навальныйга каршы жазган арызын териштирип баштады.

Бизнесмен ар-намысына, беделине шек келтирди деп саячсатчыны сотко берүүдө. Буга чейин Навальный Усмановду Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевке пара берген деп айыптаган.

Би-би-синин орус кызматы бул чуулгандуу сот ишиндеги маанилүү сандар тууралуу айтып берет.

5 млрд руб. Алексей Навальныйдын жана Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун эсеби боюнча Знаменка конушундагы жер тилкесинин баасы ушунча акчага бааланат. Бул чарбаны миллиардер Алишер Усманов бекер эле "Соцгорпроект" фондуна берген. Навальныйдын болжолунда бул Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевке берилген жашыруун пара болушу мүмкүн. "Соцгорпроект" фондунун жетекчилеринин экөөсү тең Медведевдин курсташтары. Усмановдун жактоочулары болсо башка жер тилкесин алуу боюнча көп баскычтуу келишим болуп, анын бир бөлүгү ушул жер тилкесинин берилиши болгонун айтууда. Миллиардер пара катары берилиши мүмкүн деп айтылып кеткен маалыматты жокко чыгарууну жана түзөтүү киргизүүнү талап кылууда.

Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фонду жарыялаган документалдык тасманын 12 үзүндүдөн турган бөлүктөрү түрдүү сайттарга чыгып кеткен. Алишер Усманов аны жокко чыгарууну талап кылып жатат. Тасмада дачасын Медведевке пара катары берген деген айыптоодон сырткары, Усманов болжолу биринчи вице-премьер Игорь Шуваловко дагы пара берген, тоо-кен тармагындагы ишканаларды менчиктештирип, тоноп кеткен жана Орусияга салык төлөбөй Швейцарияга салык төлөйт деген сыяктуу айыптоолор айтылган. "Коммерсант" басма үйүн цензура менен чектейт деген дооматтар дагы болгон.

Сотто Навальныйдын жана Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун өкүлдөрү 23 жолу өтүнүч келтиргенин билдиришти. Судья Марина Васина алардын бирөөсүн гана канааттандырган.

10 күбөнү сотко чакыруу сунушу артка кайтарылды. Алардын жетөөнү Навальныйдын жана Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун өкүлдөрү сотко чакырууну суранышкан. Күбө катары чакырууну сурангандар арасында премьер Медведевдин аты аталган, биринчи вице-премьер Шувалов, "Соцгоспроект" фондунун өкүлү, ал тургай Улуу Британиянын Ѳзбекстандагы мурдагы элчиси да болгон. Доогер тарап сотко "Коммерсант" басма үйүнүн жетекчилери Владимир Желонкинди жана Сергей Яковлевди чакырып, цензура боюнча суроону өтүнүшкөн. Бирок сот бул өтүнүчтөрдү четке какты.

Усмановдун арызы менен каралып жаткан бул ишти сот 140 барактан турган документке тиркеген.

Сот Навальныйдын өкүлдөрүнө бул документтер менен таанышып чыгуу үчүн 10 минута убакыт берди.

Сотто 6 юрист Алишер Усмановдун кызыкчылыгын коргоп жатат. Алардын башында орусиялык белгилүү адвокат Генрих Падва турат. 86 жаштагы юрист буга чейин ЮКОСтун мурунку жетекчиси Михаил Ходорковскийдин жана мурдагы Коргоо министри Анатолий Сердюковду коргогон.

Люблинский райондук сотуна Усмановдун 1 тарапташы келип, "Алишер Усманов, биз сизге ишенебиз, сиз менен жана сиз үчүнбүз!» деген плакат кармап турду. Ѳзүн Зульфия деп тааныштырган бул аял журналисттерге теги өзбекстандык экенин жана атактуу жердешине колдоо көрсөтүү үчүн келгенин айткан. (AbA)

Тектеш темалар