БУУ Йемендеги гуманитардык оор жагдай тууралуу кабарлады

БУУ согуштан улам Йемен дээрлик урандыга айланганын билдирди. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption БУУ согуштан улам Йемен дээрлик урандыга айланганын билдирди.

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Стивен О'Брайен Йемен өлкөсү социалдык жана экономикалык жактан өтө оор абалга кептелгенин билдирди.

О'Брайен БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө, учурда бул өлкөнүн калкы ачарчылык менен оорудан жапа чегип, дүйнө коомчулугунун чукул жардамына муктаж болуп турганын айтты.

"Бүтүндөй дүйнө жөн гана сырттан карап турган учурда Йемендин жашоочулары оорунун азабын тартып, көз жумуп жатат. Кризис жакындап жаткан жери жок, ал биздин көз алдыбызда болуп жатат»,-деди БУУнун өкүлү.

БУУнун маалыматына караганда жети миллион йемендик ачаарчылыктын босогосунда турат.

Ошондой эле Йеменде холера жайылууда. Учурда өлкө боюнча илдет жуккан 60 миң учур катталган. Оорудан 500 киши каза тапты. Алдыдагы алты айдын ичинде болжолу 150 миң киши ооруга кабылы мүмкүн дейт адистер.

БУУнун атайын чабарманы Исмаил Ульд Шейх Ахмед Йемендеги токтобой жаткан согуштук аракеттер өлкө калкын аскерлештирүүгө жана куралдардын кеңири тароосуна алып келерин билдирди. Ал жаңжалдашкан тараптарды сүйлөшүүгө келүүгө чакырып, тереңдеп бараткан оор абалды жайгарып калууга үндөдү.

2014-жылдын август айынан бери Йеменде Сауд Арабия колдоого алган бийлик менен шиит козголоңчулары хуситтер ортосундагы жаңжал токтобой жатат. Конфликт 2015-жылдын мартынан тарта күчөдү. Ошондон бери БУУнун эсебинде бери 8 миң киши каза тапты. Алардын көпчүлүгү жайкын тургундар. Андан сырткары 45 миң киши ар кандай жаракат алган.

Гуманитардык жардамга өлкө калкынын болжолу 19 миллиону муктаж болуп турат. Ѳзгөчө өлкөнүн инфраструктурасы толук кыйраган аймактарында абал өтө оор. (AbA)

Тектеш темалар