Кабулдагы жардыруудан 80 киши каза тапты

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кабулдагы жардыруу

Кабулдун чет элдик элчиликтер жайгашкан кварталында жардыруу орун алып, 80 киши тапты. Маалыматтарга караганда 300 адам ар кандай жаракат алган.

Жардыргычка шыкалган унаа Занбак аянтындагы немис элчилигинин жанында жарылганы кабарланды. Жардыруудан каза тапкандардын көпчүлүгү жайкын тургундар.

"Бул жардыргычка шыкалган унаа немис элчилигинин жанында жарылды. Бирок ал жерде башка дагы маанилүү мекемелер бар. Кол салуу кайда багытталганын азыр айтуу кыйын»,-деп полиция өкүлүнүн айткандарын Рейтер агенттиги жазды.

Кабулдагы жардыруу Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Жардыруу өтө катуу болгондуктан жүз метрдей алыстыктагы үйлөр дагы жабыр тарткан. Социалдык тармактарга чыгып кеткен сүрөттөрдө шаардын үстү калың түтүнгө чулганганын көрүүгө болот.

Жабыр тарткандар арасында Германия элчилигинин кызматкерлери дагы бар. Каза тапкандардын бири элчиликтин күзөтчүсү болгон. Ошондой эле Би-би-синин ооган кызматынын айдоочусу Мохаммед Назир каза таап, анын төрт кесиптеши жаракат алган.

Кабулдагы жардыруу Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Ооганстандын борбору Кабулда кубаттуу жардыруу орун алды.

Япон элчилигинин эки кызматкери жеңил жаракат алган. Француз элчилигинин имараты дагы жабыркады. Кызматкерлер арасында жаракат алгандар жок. Андан сырткары оогандык «Толо» жаңылыктар агенттигинин журналисти каза тапты.

ЖАРДЫРУУ БОЛГОН ЖЕРДИН КАРТАСЫ

"Талибан" кыймылы жардырууга тиешеси жок экенин айтты. Ѳздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топ дагы жардыруунун жоопкерчилигин алган жок.

Буга чейин бул экстремисттик топтордун согушкерлери Кабулда кол салууларды уюштурган эле. (AbA)

Тектеш темалар